Menu

КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев БУУ САУ(ФАО)нун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаӊы жетекчиси Аднан Рауф Кереши менен видеоконференция өткөрдү

Бөлүшүү:

17-июнда Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы  Туруктуу Өкүлү Д.Мукашев БУУнун Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жаӊы Жетекчиси Аднан Рауф Кереши мырза менен жумушчу видеоконференция өткөрдү. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын САУ (ФАО) менен кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланды.

Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Кыргызстанга көрсөткөн жардамына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин линиясы боюнча саранчылардын кол салуусуна каршы күрөшүүдө, ошондой эле Соода-сатык жана айыл чарба уюму менен «Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайлоолорго климаттык инвестициялоо аркылуу углеродду секвестрациялоо» Жашыл климаттык фондунун биргелешкен долбооруна тиешеси бар маселелерге өзгөчө көӊүл бурулду.

Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Тоо өнөктөштүгүнүн Катчылыгынын кыргыз тоолук айымдар ассоциациясынын салттуу кыргыз кезедемелерин пайдалануу менен кийимдер коллекциясын иштеп чыгууга жана аны андан ары тышкы рынокко илгерилетүүдө көрсөткөн көмөгүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Аднан Рауф Кереши мырза Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси катары өлкөгө көмөк көрсөтүүнү улантуу үчүн бүт аракетин жумшарына ишендирди. Новый Представитель Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы жаӊы Өкүлү Кыргызстанга жакынкы аралыкта барууну мерчемдеп жатат.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өкүлү Д.Мукашев Аднан Рауф Кереши мырзаны Соода-сатык жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси кызматына  дайындалышы менен дагы бир жолу куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: