Menu

Өзбекстанда 18 жылга соттолгон мурдагы имам жатак абакка которулду

Бөлүшүү:

Ташкенттеги “Хожа Нуриддин” мечитинин мурдагы имамы Рухиддин Фахриддинов Ташкент облусунун Чирчик шаарындагы №13 колониясынан Занги ата районундагы жатак абакка которулду.

52 жаштагы Рухиддин Фахриддинов “Өзбекстан президентине каршы чыгуу”, “Конституциялык түзүмдү бузууга аракет жасоо”, “Кылмыштуу топ түзүү”, “Жапырт тартипсиздик” кылмыштары үчүн 18 жылга соттолгон.

Туугандарынын айтымында, 13-апрелде Рухиддин Фахриддиновду Таштүрмөгө алып келишип, 16-апрелде жатак абакка которушкан.

Мурдагы имамдын аялы Рахима Ахмадалиева күйөөсү боштондукка чыгат деп үмүттөнгөнүн, бирок аны колонияга которушканын айтты. Анын айтымында, Фахриддиновдун эркиндикке чыгышына 4,5 жыл калган, 13,5 жыл ичинде ага бир да жолу мунапыс берилген эмес.

Укук коргоо органдары Рухиддин Фахриддинов ар кыл экстремисттик кыймылдардын, анын ичинде “ваххабиттер кыймылынын” лидери болгонун билдиришкен. Бирок имамдын туугандары айыптоолорду четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: