Menu

Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник: “Милицияны булганган кадрлардан тазалоо Кашкар инимдин колунан келет”

Бөлүшүү:

Рубрика сынына бул сапар ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди чыгардык. Ооматы артып, экинчи ирет бул тармакты башкарып жаткан милициянын генерал-майору ИИМ системасындагы «дыңды бузуп», эл күткөн реформаларды жасай алабы? Калкка ырайымсыз мамиле кылып, укук тебелеген алкы бузук кызматкерлерди тазалоого алы жетеби? Эмесе, бүтүндөй өмүрүн бул тармакка арнаган генералдын өзүнө жана ишине карата коомчулук көзүндөгү эрендердин пикири кандай экенине кызыгып көрдүк.

– Генерал Кашкар Жунушалиев өзүнүн карьералык жолун тээ ылдыйкы тепкичтерден баштап, таза мээнети астында министрликке чейин өсүп жеткендиги менен айырмалана алат. Бул жагынан алабызбы же иши боюнча карасак деле ал профессионал адис. Эмгек жолунда ар кандай жаман-жуман илешкектерди ээрчитип, чырлуу иштерге эч качан аралашпады. Жүзүн таза сактады. Кашкар Жунушалиев экөөбүз жакындан жакшы деле тааныш эмеспиз. Болгону аны сыртынан гана угуп, билип тааныйм. Экөөбүздүн мамилебиз деле жок. Ырас, силер ал боюнча сөз кылып, менден пикир сурап жатканыңардан улам ушундай калыс позицияны карманган адилеттүү пикиримди айттым. Экинчи жолу министр болуп жаткан соң эми жакшылап иштеп, элге үлгү болгон мыкты жетекчи катары калышы керек. Менин жеке пикиримде профессионал жетекчи катары мындай иштерди аркалоо, өзгөчө милицияны булганган кадрлардан тазалоо Кашкар инимдин колунан келет.

Булак: “Азия Ньюс” 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: