2019-жылдын 18-19-апрель күндөрү ИИМдин милициянын полковниги С. Нааматбаевдин атындагы музейинде Кыргыз Республикасынын ИИОнун Басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн “Басма сөз кызматтары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы натыйжалуу ыкмалардын байланышы” аталышындагы семинар-тренинг өтүлүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги болууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Семинар-тренингге ИИМдин Борбордук аппаратынын, ЖКККББнын, БМЖКККнын, МАККББнын, ИИМдин Академиясынын, “Шумкар” АБПнын, “Динамо” КДДБнын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББдин, облустук ИИБдин басма сөз кызматтарынын бардык кызматкерлери катышууда.
Аталган семинар-тренингдин максаты коомчулук менен ЖМКнын ортосундагы байланышты бекемдөө, кызматкерлердин профессионалдык квалификациясын жогорулатуу болуп эсептелинет.
“Басма сөз кызматтарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги”, “Тастыкталган маалыматты таратуунун эрежелери”, “Веб-сайт түшүнүгү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сайттарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар”, “ЖМК менен таасир берүүнүн ыкмалары” жана башка темаларында лекциялар өтүлдү.
Иштин жыйынтыгы менен семинар-тренингде Кыргыз Республикасынын ИИОнун Басма сөз кызматтарынын Концепциясынын долбоорунун акыркы үлгүсүн иштеп чыгуу пландалууда.
Аталган семинар Кыргыз Республикасынын ИИОнун Басма сөз кызматтарынын күнүнө арналган. 2019-жылдын 18-апрель күнү ИИОнун Басма сөз кызматтары түзүлгөнүнө 35 жыл толгондугун белгилешүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ