Menu

Жанар Акаев, ЖКдагы эркин депутат: “Дача-СУдагы окуяны иликтөө менин фракциядан чыгарылышыма негизги себеп болгон”

Бөлүшүү:

– Жанар мырза, Дача-СУга кулаган учак боюнча иш кайра жандандырылды. Бул жолу жыйынтык чыгат деп ишенесизби?

– Прокуратурага таңкалам. Качан саясат күчөгөндө кайсы бир иштерди жанданта калышат. Тынч заман болуп калса, чуулгандуу иштерин токтото коюшат. Эмне үчүн Бабанов боюнча, Дача-СУ боюнча мурда ирети менен иштер кете берген эмес?! Атамбаев күчөсө, Дача-СУ күчөйт, Бабанов «келем» десе, анын банкы, же соода түйүндөрү боюнча текшерүү баштала калат. Мунусу туура эмес. Прокурор Дача-СУ боюнча иш кайра жандангандыгын айтты. Эми бул иштин аягына чыгарганга иштеши керек.

– Депутаттык комиссиянын мүчөсү болдуңуз эле. Эмнеге бул окуя боюнча элге кенен маалымат берилбей жатат? Жүктүн ээсин табуу кыйынбы?

– Ооба, мен комиссия мүчөсү болгом. Текебаев менен эки жолу көчмө жыйынга чыгып койгонум үчүн, үчүнчүсүнө жетпей, мени фракциядан чыгарып салышты. Дал ушул Дача-СУдагы иликтөө менин фракциядан чыгарылышыма бирден-бир себеп болгон. Анткени, биз каржы полициясынын кеңсесине барганда, ал жерден телефондорду, кымбат баалуу буюмдарды көрдүк. Буларда Дача-СУнун арты менен көп контрабандалык иштер ачыла баштаган. Мисалы, жакында эле төрт чоң фура менен Кытайдан келген өрдөктүн этин «жок кылгыла» десе, финполиция Бишкекке алып келип сатып жиберди.

Эми жүктүн ээси табылабы-табылбайбы, билбейм. Анткени, мен көрүп турам, башкы прокурор баш болуп, буларда эрк жок, коркок. Болбосо, чоң өлкөлөрдө башкы прокурорлор кандай чуулгандуу иштердин бетин ачып жатышат. А биздикилер ача алышпайт.

– Коррупциялашкан бир катар мекемелердин тизмеси жарыяланды. Бул тизмеге сиз сын көз карашыңызды айттыңыз. Сизди ынандырбаганы кайсы болду?

– Комитет жыйынында башкы прокурор Жамшитов «өлкөдөгү коррупциялашкан органдар ушулар» деп бир катар мекемелерди атады. Ал тизмеде каржы полициясы жок, бажы кызматы жок. Прокуратуранын ою боюнча, жалаң эле мугалимдер, врачтар, милиция коррупциялашып, калган органдар жакшы болуп жатыптырбы? Элге белгилүү, бажы тармагында, финполицияда оңбогондой коррупция бар экени. Бул күлкүлүү нерсе го. Тааныш-билиштик менен ушундай жыйынтыктар чыга берсе, эл нааразылыгы күчөй баштайт.

– Прокуратурага эл ишеними кеткенин айтып жатасыз. Буга жүйөңүз барбы?

– Мен кечээ Инстаграм баракчам аркылуу жарандарга «Башкы прокуратурага ишенесизби, ишине канааттанасызбы?» деп суроо койдум. 98 пайыз «канааттанбайбыз» деп жооп беришти. Карапайым элдин берген баасы менен парламенттин баасы таптакыр эки башка. «Өткүрбек Жамшитов келгенден бери прокуратура иши алдыга жылды» деп айта албайм. Прокуратурага дагы, сотторго дагы эл ишеними жоголгону чындык.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: