Menu

Президент эмнеге башка тилде сүйлөшү керек?

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы иш сапарында кыргыз тилинде сүйлөгөнүн сынга алган «сөрөйлөргө» бул ыр саптары жооп катары болсун.

Эне тилин өгөйлөп жектегендер,

Эне тил элегинен өтпөгөндөр,

Кыргыздын өзүн чанып, сөзүн чанып,

Кыргызча кымыз ичип, эт жегендер,

Калайык, айткылачы, булар кимдер?

Улуттук ар-намысты тепсегендер,

Улуттун кадырына жетпегендер,

Өздөн чыккан жат болуп, дилин сатып,

Өзүнүн маңкурттугун сезбегендер,

Кыргызым, айт чыныңды, булар кимдер?

Бабабыз Манас тилин билбегендер,

Балдарына орусча сүйлөгөндөр,

Калкы эмес, керт башынын камын көрүп,

Кыргызга кымындай да күйбөгөндөр,

Оо, журтум, айткылачы, булар кимдер?

Кыргыздын ак калпагын кийбегендер,

Кыргыздын эсебинен күн көргөндөр,

Туя албай эне тилдин улуулугун,

Түбөлүк жан дүйнөсү кирдегендер,

Эл-журтум, айткылачы, булар кимдер?

Сыдыкбек Самүдинов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: