Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовдун элге жакшылык кылбай турганы жакынкы күндөрү Кызыл-Омполдогу уранды казуу маселесинде дааналап көрүнгөндөй болду. Бул адам уран казуунун зыяны жок деп тилин чу безеп, тим эле жаш баланы алдап жаткандай сайрады. Митинг учурунда аны эл каргады, сөктү, ал тургай айрымдар кол котөрүп, бир муштум менен уктаткысы келди. Ошондо да бул адам элди уруп ойнобой, жулунуп сүйлөп турду. Мындай адамдарга кызмат эле болсо болду. Калганын уруп ойнобойт. Рустамов 2010-жылга чейин Атамбаевдин “Форум” имаратында эле сагалап жүрчү. Революциядан кийин токой чарба агенттигинин жетекчисинин орун басарлык кызматын “устукан” катары алган. Ал кызматтан жылмышпай, 2016-жылга чейин иштеп турду. 2016-жылы болсо Атамбаев аны аталган агенттикке жетекчи кылып дайындаган. Бир сөз менен айтканда Рустамовдун 2010-жылдан берки ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө алса, далай былыктар чыгат. Эми ал күн да келээр. Айтор, элдин каргышы да оңой эмес. Арты жакшы болбос…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ