Menu

Видео – Экс-депутат Дамир Асылбек уулунун Алматыда өткөн сотунда мушташ чыкты

Бөлүшүү:

Казакстандын Алматы шаарынын район аралык соту Кыргызстандын мурдагы депутаты, аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести.

Алты айга созулган сот иши боюнча өкүмдү Алматы район аралык сотунун судьясы Бакытхан Бакирбаев окуду:

«Жыйынтыктап алганда Дамирбек Асылбек уулу он жылга өкүм кылынсын жана өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салынсын. Анын жазасы ал камакка алынган убактан – 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет».

Судья Кыргызстандын мурдагы депутаты жазасын коопсуздук деңгээли жогору мекемеде өтөй турганын да айтты.

Кыргызстандын Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган эки жараны – Уланбек Мурадилов 10 жылга, ал эми Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылды.

“Уюшкан кылмыштуу топко казак тараптан жетекчилик кылган” деп табылып, казак жараны Есбол Жапбасовго 14 жыл берилди.

Ал эми төрт казак жараны үч жылга соттолду. Ошондой эле дагы төрт казакстандык беш жылга эркинен ажыратылып, сот залынан бошотулду.

Соттолуп жаткан 12 адамдын өкүмү окулуп жатканда андагы айыпталуучулдардын жакындары “Шерменде” деп кыйкырып, сотко нааразылык билдирди. Ушул маалда соттолуучулар да өз ара мушташа кетип, судья өкүм окууну жарым саатка токтотууга мажбур болду.

Участвующий в процессе по делу прокурор Дастан Мырзагали просил суд приговорить Асылбек уулу к 13 годам заключения.

Буга чейинки сот отурумунда казакстандын прокурорлор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптап, аны мүлкүн камакка алып, 12 жылга эркинен ажыратууну жана жаза мөөнөтү аяктаган соң аны өлкөдөн чыгарып салууну суранган.

Казакстандын прокурорлору Асылбек уулу «депутаттык кызматын пайда табуу жана мыйзамсыз баюу максатында пайдаланып, эл аралык уюшкан кылмыш тобун түзгөн» жана «ал топту Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга мыйзамсыз жол менен товар ташууга пайдаланган» деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: