Menu

Кашаң Кашкар…

Бөлүшүү:

Өткөн аптада башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бир катар министрликтер менен бирге ИИМди да эң коррупцияга баткан мекемелердин катарына кошуп айтып өттү. Ошону менен бирге ички иштер министри кызматка келгенине бир жарым жылдай убакыт артта калганы менен эч кандай алдыга жылган иш көрө алган жокпуз деп ИИМ иштерине нааразылар көбөйдү. «Кашкар Жунушалиев кандай министр болду?»деп айрым серепчилерге суроо узаттык. Өздүк курамдагылар «Кашкар крыса» дегендин канчалык чындыгы бар?..

Алга Кылычов, КСДП партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү:

– Ал кишинин ИИМге реформа жасайм жана кылмыш дүйнөсү менен күрөшөм деген түрү жок. Эптеп эле күн өткөзүп, «орноп келе жаткан үй-бүлөлүк башкаруу системасына кантип жагынсам?» дегендей абалда. Жарандардын укугун коргобой эле, тескерисинче, бийликтин шыкагы менен биздин КСДП партиясын рейдерлик жол менен тартып алгандарды кайтартып, мыйзамдуу партиянын конференцияларына бут тосуп, онунчу бөлүмүн айдактап, жөнөкөй жарандарды коркутуп, съездге катыштырбай, көз жаздымга калтырып жатканга кызыкдар болуп, кандайдыр бир деңгээлде көмүскө башкарып аткандай элес калтырат. «Кылмыш дүйнөсү болгон жана боло берет» деп айтканын да кылмыш дүйнөсү менен табакташ болуп, «алар менен күрөшө албайм» дегендей кабыл алдык. Мунун баары жакшылыкка алып барбайт.

Аманбол Бабакулов, жарандык активист:

– Менин пикирим боюнча ИИМ таптакыр реформа жасай алган жок. Милиция, күч органдарына, ИИМ кызматкерлерине мен мурунтан айтып келгем, дагы айтам. Булардын катышуусунда жол кырсыктары болду. Ичимдик ичип кырсыкка учурагандар, жемкорлук менен кармалгандар, ар кандай кылмыштуулукка баргандар, мисалы, Бурулайдын окуясын айтсак болот. Бирок алар жоопкерчиликке карапайым адамдар катары тартылганын көрө элекмин. Ошондуктан ИИМди, Кашкар Жунушалиевди начар деп бааласак болот. Бизде милиция, күч органдары болгону менен адамдардын укугун коргобой эле эптеп эле «өлбө жаным, өлбө» менен жашап келе жатышат. Милиция кызматкерлеринин жаңы кодекстер боюнча да өздөрүнүн ичинде пикир келишпестиктер көп орун алып жатат. Ошондой эле чөнтөк уурулары көбөйдү. Унаалардын айнегин чаап кетип, тоногондор көбөйдү, майда криминалдык иштер аябай күч алып кетти. Мунун баары азыркы ички иштер министринин программасы, багыты жоктугунан, элге көрүнүктүү иш жасай албаганынан уурулар көбөйүп жатат.

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

– Буга чейин Алмазбек Атамбаев «Кашкар иним» деп кө кайрылган. Мен бүгүн «Кашкар байке биздин «Форумду» аңдыбай коррупционер, бандит, жегичтерди аңдыса жакшы болмок» деп айтат элем. Бизди аңдыгандан эч пайда жок. Азыр кылмышкер, уурулар көчөгө толду. Милицияга элдин ишеничи жоголду. Азыркы бийликтегилердин баары эле мурда «Форумда» жүргөн. ИИМде мурдагыдай эле абал. «Жылт» эткен учкун жок. Баягы, баягынын таягы болуп, жыйырма жыл мурда кандай болсо, дале ошондой. Ким бийликке чоңураак сүйлөсө эле ошону аңдымай, коркутмай-үркүтмөй. Айрыкча ИИМдин онунчу бөлүмү кичине тизгинин тартса жакшы болот эле. Балдарды коркутуп-үркүтмөй чегине жетип калды. Ошону токтотуш керек. Элди ынтымакка чакыруунун ордуна онунчу бөлүм элди аңдыганды жакшы өздөштүрдү. Болбосо Конгантиевдин жолун басып, тарыхта ошондой калып калат. Ошон үчүн ИИМ эси барда этегин жыйышы керек.

Турат Акимов, саясат талдоочу:

– Бул мекемеде көп жылдан бери ар кандай реформалар боло берип, аягында реформанын баары коррупциялашып кеткен. Анткени ар бир реформаны эл өткөрбөйт. Ошол мекемеде иштеген чиновниктер өздөрү даярдайт. Өздөрү долбоор жазат. Ошолордун сунушу реформа катары киргизилет. «Сойкукананы сойкулардын күчү менен кантип реформа кылабыз?» деген бир саясый тамаша бар. ИИМде эле эмес башка жерлерде деле ошондой болууда.

Бизде ИИМде да баарын өздөрү даярдайт. Анан өздөрүнүн былыктары чыкпайт. Ошол коррупциялык жолдор менен алар жандарын багып жатат. «Камера коюш керек, мындай кагазды чыгарыш керек деп ишеним телефонун эле ачып койсок, коррупция токтоп калат» деген таризде реформаларды жазып сала берет. Ошон үчүн бизде реформанын баары тескери жасала берет. Канча реформа жасалбасын, тыянак чыкпайт. Уурулук, кылмыш көбөйө берет. Ошон үчүн Кашкар Жунушалиевдин милицияга анчалык чоң таасири жок. Бийликке келгенине бир жарым жыл болгону менен олуттуу реформаны көрсөтө албады. «Бул кишинин реформалары Атамбаевге жакпай калып, кызматтан кетирген. Аны кайра улантат деп Жээнбеков кызматка алып келди» деп мен божомолдогом. Бирок, бир жарым жыл ичинде олуттуу эч кандай реформа көрсөтө алган жок. «Бул киши өзү опер болуп иштеген эмес» деген маалыматтарды окуп калдым. Башка кызматтарда иштегени үчүн чоң реформа жасай алган жок деген ойдомун.

Айбек Мырза, жарандык активист:

– Негизинен ИИМдин түз кызматтары боюнча чоң-чоң реформалардын кылынып атканы байкалбайт. Мурунку эле эски саясый оппоненттер менен күрөшүү ыкмалары жүрүп жатат десек болот. Анткени, «жаш активисттер бийликке, анын ичинде ИИМге сын айтса эле үй-бүлөсүн, жакын туугандарын коркутуп-үркүтүү болот экен» деген сөздөр айтылып, баягы эле эски ыкманы колдонуп, күрөшүп жатат дегенди билдирет. Ал эми криминалдар менен күрөшүү боюнча алгылыктуу, «жарк» эткен иштери байкалган жок.

Урмат Акунов, активист:

– Бүгүнкү күндө Кашкар Жунушалиевдин чабал иштери көп болуп атат. Ошол эле маалда коопсуздук кеңешинин жыйынында, менин жеке пикиримде, «каралар» дүйнөсү боюнча «каралар болгон, боло берет» дегени генералдын айта турган сөзүнө окшошпой калды. Андайды милицияга жаңы кадам шилтеп аткан катардагы эч бир чини жок милиция кызматкери айтса жарашмак. А генерал деген «биздин өлкөдө мыйзамдуулук, тартип орногон» десе болот беле дейм. Мындан сырткары, министр «кадрдык реформа болот» деп айтып келген. А бүгүнкү күндө кадр реформасы ишке ашкан жок. Аны эч байкабай турат. Чыгаан кадрларды көрө албай атабыз. Бул жерде карап көрсөңөр МАИ, ДПС, патруль деп ар кандай бөлүп койгондугу коомчулук арасында туура эмес пикирлерди жаратып койду.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: