Menu

ЖЭБдеги кырсык боюнча шалаакы жетекчилерге өкүм чыкты

Бөлүшүү:

2018-жылы январь айында Бишкек Жылуулук электр борборунда чоң кырсык катталып, шаар тургундары ызгаардуу суукта калганын билебиз. Ошонун негизинде козголтон кылмыш иштин алкагында тергөө, андан кийин соттук териштирүү жүрүп, өткөн аптанын жума күнү, т.а. 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда чечим чыкты.

Катары менен айтсак, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 2 жыл 6 айга абак жазасына тартылып, мамлекеттин пайдасына 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун мурдагы директору Узак Кыдырбаев 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды. Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып пул салынып, сот залынан камакка алынды. «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев 8 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды. ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып пул салынды. ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынып, сот залынан камакка алынды. ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды. Айып пулдан сырткары сот айыпталуучуларды мамлекетке 3 миллион 212 миң 259 сом төлөп берүүнү милдеттендирди.

Кошумчалай кетсек, ЖЭБти модернизациялоо боюнча экинчи иш Свердлов райондук сотунда каралууда. Ал ишке мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдаты төратасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдаты аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольта Лаврова айыпталууда. Эксперттер тобу айыпталып жаткан жетекчилер өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен мурдатан билип туруп Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтирген деген аныктама чыгарышкан.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: