Menu

Экс-судья Мамытов дагы кимди алдап, баш оору жаратканы жатат

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков «мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ» бар экенин белгилеп айтып келет. Өлкө башчысы бул маселени жөн эле айтып жаткан жок. Демек, мамлекет башчысында судьялардын былыктуу иштери боюнча жетиштүү маалыматтар бар.

Ырасында, бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алып, инвесторлорго коркунуч жаратышкан судьялар жок эмес. Бул жагдайды айрым судьялардын кылмыштуу аракеттеринен байкоого болот. Анткени бүгүнкү күндө өлкөбүздө бизнесин, мүлктөрүн тарттырып жиберген окуялар арбын.

Мына бул окуяга экс-судья Эмилбек Мамытовдун ишкер Раджап Абдурасуловду алдап, ар бири бир миллион доллардан турган эки офисин алдамчылык жол менен ээлеп алганы, россиялык, казакстандык жарандарды жүз миңдеген долларга сызга отургузуп, фирмаларын тартып алганы судьяларга байланыштуу кыңыр иштердин мисалы катары карасак жарашат.

Тактап айтканда, ишкер бизнесте өнөктөш болгон казакстандык жана россиялык жарандар менен биргеликте салган эки офисти Мамытов ээлеп отурат. Азыркы учурда бирин Бишкек шаарындагы Никитина дом 2 көчөсүндөгү төрт этаж офисти Мамытов Эмил өзүнө, экинчи Осмонкул көчөсүндөгү үй №113төгү төрт этаж офисти экс-судья өзүнүн аялына көз
боёмочулук жол менен каттатып алган. Учурда мындай кылмыштуу иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эки офистик имарат ишкердин доосунун негизинде камакка алынган. Кызыгы, камакта турган имараттарды экс-судья Мамытов жана анын уулу Эмилбек уулу Мырзабек 400 миң долларга сатабыз деп жарнама кылып жатат. Бул жоруктары менен ата-бала дагы бир кылмышка барганы жатышат. Анткени камакта турган имараттарды эгер кимдир бирөө сатып ала турган болуп калса, билдирбей алдап сатып жиберүүнү көздөшүүдө. Кокус ошондой кайталана турган болсо, сатып алган адам сызга отуруп калышы мүмкүн. Анткени имараттарын тарттырып жиберген ишкер акыйкаттыкка жетип кайра алып койсо, билбей сатып алган адам ортодо күйүп кетээри турган иш. Демек, экс-судья Мамытов бул жоругу менен дагы бир адамдын шоруна калышы ыктымал.

Арийне, укук коргоо органдары дал ушундай коомго бүлүк түшүрчү, эл аралык аренада Кыргызстандын беделине шек жаратчу иштерге бөгөт коюшу зарыл. Президенттин айткандары өтө актуалдуу экени кашкайып көрүнүп турат. Эгер биз судьялардын кылмыштуу жоруктарын ооздуктап, бул тармакта президент талап кылгандай реформа кылбасак, ишкерлердин эркин иштешин, экономиканын өсүшүн, инвесторлордун өлкөбүзгө келишин камсыздай албайбыз. Учурда бир нече миллиондук мүлкүнөн ажырап акыйкат издеп жаткан бир эле Абдурасулов эмес. Жабыр тарткан ишкерге окшогондор оголе көп. Андыктан өлкөдө мыйзамдын тартибин орнотмоюн, тартып алуу баскынчылыгы токтобойт. Бекер жеринен президент Сооронбай Жээнбеков соттор туурасында маселени кабыргасынан коюп жаткан жок. Бул система түптамырынан реформага муктаж. Аны кечиктирбей тез арада ишке ашырчу мезгил келди.

Мына экс-судья Эмилбек Мамытов жана анын үй-бүлөсү, башкача айтканда баласы Эмилбек уулу Мырзабек, аялы Чолпон Шаршенова аралашкан чырлуу, алдамчылык иштер боюнча тергөө аягына чыкпай создугуп келет. Бул да болсо сот системасындагы, укук коргоо тармагындагы көйгөйдү чагылдырып турат.

Нурбек Бакасов

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: