Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнө караштуу калк жашаган Камаш пунктуна айыл макамы берилди. Бул боюнча атайын иш-чара өтүп, Талас облусунун, Кара-Буура раойнунун жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депуттары, аксакалдар, айыл тургундары катышты.
2019-жылдын 26-июнунда Талас, Баткен, Нарын жана ОШ облустарындагы кээ бир калк жашаган пункттуларга айыл макамын берүү мыйзамы ЖК тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзамга августта президент С.Жээнбеков кол койгон.
Азыркы тапта Камаш айылында 600 киши жашайт, эки социалдык объект бар. Дагы 120 киши жер тилке алып, айыл кеңе баштады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ