23-апрелде Анкара шаарында Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын катышуусу менен Эгемендик жана Балдар күнүн майрамдоого арналган 41-эл аралык балдар фестивалынын Гала программасы болуп ѳттү. Эгемендик жана Балдар майрамына карата 1979-жылдын бери Фестиваль уюштурулуп, жыл сайын дүйнө жүзүнөн балдар катышат.
Аталган Фестивалда быйыл 40 ѳлкѳдѳн келген ырчылар жана бийчилер тобу катышып, ал эми Кыргызстанды таанытуу максатында “ДЭА” бий ансамбли катышты.
Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдоган Фестивалдагы кыргыз кызы Жумабекова Берметтин ырдагандыгына ѳзгѳчѳ кѳӊүл бѳлүп, кошо кошулуп ырдады. Ошондой эле, Фестивалдын соӊунда Президент Р.Т.Эрдоган “ДЭА” элдик бий ансамбли менен ѳзүнчѳ кыскача маек курду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ