Menu

Сооронбай Жээнбеков: Биз Бишкек шаарын Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык кызматташтык борборлордун бири болгон шаарга айландырышыбыз керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде кыргызстандыктарды жана борбор шаардын тургундарын Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу борборубуздун тургундары жана коноктор!

Кадырман мекендештерим!

Сиздерди Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктайм!

Бишкек Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлейт.

Ал — мамлекетибиздин борбору жана сыймыгы. Региондогу ири экономикалык, саясий жана маданий борборлордун бири.

Борбор шаарыбыз жыл өткөн сайын кулачын керип кеңейүүдө, өнүгүүдө жана жаңыланууда. Заманбап имараттар салынууда. Жаңы жолдорду жана көчөлөрдү куруу боюнча чоң долбоорлор ишке ашып жатат.

Бишкектиктердин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы улам өсүүдө.

Ордо калаабызда көптөгөн этностордун өкүлдөрү жашайт жана эмгектенет. Алар тынчтыкта, ынтымакта жана өз ара түшүнүшүү менен жашоонун мыкты салттарын муундан муунга өткөрүп келишүүдө. Бул эң сонун жөрөлгөнү сактап, андан ары улантуу — биздин милдетибиз.

Бишкек „жашыл калаа“ деген өзүнүн мурдагы даңкын кайтарышы керек. Таза аба, бак-дарактар шаардын башкы байлыгы болушу абзел.

Бишкек — келечекке умтулган шаар.

Биз заманбап стандарттарга шайкеш келген шаарды курушубуз керек. Келечекте биздин борбор шаарыбыз Евразия чөлкөмүндөгү ири эл аралык кызматташтык борборлордун бирине айланарына шек жок.

Биздин ордо шаарыбыз азыркыдан да таза, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу шаар болот деп ишенем.

Кадырман шаардыктар!

Сүйүктүү борбор шаарыбызга бакубатчылык, ар бир үй-бүлөгө кут, береке, тынчтык жана байгерчилик каалайм!

Бишкек шаарыбыз көрккө бөлөнүп, өсүп-өнүгө берсин!»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: