Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде 11 адам коронавирус илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 5 адам,
– Нарын облусунан – 6 адам.
Учурда өлкөдө жалпы 1181 адам коронавирус илдетинен айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ