Menu

Райым миллиондун “райы” ачыла баштады

Бөлүшүү:

Казакстан менен Кытайдын бажы кызматтары чек арадан өткөн жүк боюнча онлайн түрүндө маалымат
алмашууну макулдашып, методологиялык жана маалымдоо жагынан да бирге иштешүүгө жол ачышты. Казакстандын мамлекеттик кирешелер боюнча комитетинин төрагасы Марат Султангазиевдин айтымында, мындай жылыштар чек арадан өткөн товарларды жана алардын баасын так чыгарууга жардам берет.

Акыркы 15 жылда Кытайдын эсеп-чоту боюнча Казакстанга 130,6 миллиард долларлык товар алынып келген, ал эми казак тараптын билдиришинче, Кытайдан 66,6 миллиард доллар товар келген. Эки мамлекеттин маалыматында 64 миллиард долларлык айырма чыгууда. Буга чейин Кыргызстандын бажы кызматында дагы миллиардаган долларлар билинбей бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатканын, ал ачык эле жетекчи орун басары болуп олтурган Раим Матраимов экендиги айтылган. Акыркы кездерде Матраимовдун үй мүлктөрү коомчулукка ачык тарап, жөнөкөй эле бажы жетекчисинин анчалык байлыгы бар экенине коомчулук таңданган болчу. Жогорудагы эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашуудагы бажы өткөрмөсүнөн чыккан айырмачылыктар Раим Матраимовго карата коюлуп жаткан дооматтардын чындыгын далилдегендей болду. Буга чейин Матраимов кеминде Бажыдан 20-30 миллиард долларларды алып турганын айтышкан. Айрымдар аны “калп” деп, “Кыргызстан эгемен алгандан бери 9 млрд. долларга жакын карыз алса, ал кантип эле жылына ушунча акча алсын”-дегендер болгон. Эмнеси болсо да, Раимде бир шойкулук бар экени эми дагы билинди.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: