Menu

Зеленский президенттик шайлоодо жеңгени расмий түрдө жарыяланды

Бөлүшүү:

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Владимир Зеленский жеңип чыкканын расмий жарыялады.

Протоколго президенттикке талапкерлер кол коюшту, шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санагандай даттануулар болгон жок.

30-апрелде Киевдеги басма сөз жыйынында БШК билдиргендей, шайлоодо Зеленский 73,22, учурдагы президент Петр Порошенко 24,45 пайыз добуш алды. Ага шайлоочулардын 61,37 пайызы келди. Зеленский чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринде дагы жеңишке жетишти. Орусияда добуш берүү болгон эмес.

Буга чейин Владимир Зеленский өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоону атайылап создуктурууга айыптаган. Президенттин инаугурациясы 27-майга чейин өтпөсө, жаңы президент парламентти таркатуу тууралуу жарлык чыгара албай калат.

Украин мыйзамдарына ылайык, президент Раданы анын ыйгарым укуктары аяктаганга жарым жыл калганга чейин таркатууга укуктуу. Учурдагы украин парламентинин ыйгарым укугу быйыл 27-ноябрда аяктайт.

Владимир Зеленский 41 жашта. Ал актер, шоумен жана продюсер, “Квартал-95” студиясынын жетекчиси. Президенттик шайлоого чейин саясат менен алектенип, мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: