Кыргызстанда тартылган “На дальних рубежах” кинотасмасы Москвадагы эл аралык кинофестивалдын башкы сынагына кирди. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Тасма Россиянын Кыргызстандагы аскер базасы жөнүндө тартылган. Базанын командиринин орун басарынын жубайы, башкы каарман Мария жолдошунун кесиптеши менен мамиледе. Алардын мамилеси Мариямдын жана анын үй-бүлөсүнүн жашоосун өзгөртөт.
“Россиялык кинотасманын Кыргызстанда, Балыкчыда тартылганы кызыктуу. Ал жерде кыргыз актерлору жана карапайым адамдар тартылышты”, – дейт киносынчы Дарья Борисова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ