Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кийинки муундарыбыздын, өлкөбүздүн жаркыраган келечеги үчүн жаратмандык менен чогуу эмгектенебиз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Баарыӊыздарды бүгүнкү Эмгек майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул күнү жергебизди салтанат ээлеп,  эмгекти, тилектештикти жана биримдикти даңазалайбыз.

1-Май майрамы — эмгекчилердин укуктарын коргоо менен бирге элибиздин ынтымагын бекемдөөгө өз салымын кошуп келет.

Эмгек ар кыл жаштагы жана көз караштагы адамдарды баш коштурат. 

Биз өмүрүнүн күлгүн курагын бакубат өлкөнү курууга жумшаган улуу муундагы ардагерлерибиздин өрнөгүнө таазим кылабыз.

Кийинки муундарыбыздын, өлкөбүздүн жаркыраган келечеги үчүн жаратмандык менен чогуу эмгектенебиз.

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү эмгек майрамы ар бирибизге кубаныч тартуулап, күч-кубат берсин.

Баарыңыздарга жадыраган майрамдык маанай, тынчтык жана эмгегиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: