Адилет министрлигиндеги канча жылдан бери кадайып катып калган мамлекеттик тил көйгөйү бир нече ирет жетекчилик алмашса дагы чечилбестен, барган сайын түйүндөлүп баратканы барыбызды түйшүккө салууда. Жаңы келген министр Марат Жамангуловго ишенимибиз чоң эле, кашайып мунусу да маңкурттукка малынган «киргиз» экен, үмүтүбүз жалп эткендей өчтү. Эне тилди билбей мукактанып, какап-чакап жатыр. Дили катып калган мындай неме кантип мамтилди естүрүп, эне тилге күйсүн. Тескерисинче кургуйга каратып кулатат да. Демек, Адилет министрлигинде орун алган баягы көрүнүш андан да тереңге түшүп, кургуйга кулайт өңдөнөт. Сөз жүзүндө тимеле өздөрүнө чаң жугузбай мактанып, жыйындарды, иш-чараларды мамлекеттик тилде өткөрүп жатканын айтып төш кагат. А чыныгы турмушта куу тезек да жок. Мындай маңкурт саясатка акыр түбү чекит коюш керек да. Баса, жакында бир ыркыйган орун басары кыргыз тилин келекелеген кат жарыялап, анда бир шерменде болгон. Ага жаза колдонгон жок.
—Марат мырза, мамлекеттик жооптуу кызматтарга келгендер гана эмес, жөнөкөй иште иштегендер да азыр мыйзамга ылайык кыргыз тесттен өтүшөт. Сиз өттүңүз беле? Ар бир мамлекеттик мекеме мамлекеттик тилди өнүктүрүшү керектигин билесизби? Же сиз үчүн кыргыз тили мааниге деле ээ эмеспи? Эгер билсеңиз кандай аракеттерди көрүп жатасыз? И, баса, катты ката жазган орун басарыңызга эмне жаза колдондуңуз, же ал шерменде сөгүш менен гана кутулдубу?
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ