Menu

Түркмөнстан Орусиядан буудай сатып алат

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Ставрополь крайынан буудай сатып алуу боюнча май айынын ортосунда келишимге кол коюну пландоодо.

Ставрополь крайынын айыл чарба министринин орун басары Андрей Олейников Түркмөнстанга 10 мин тонна жаздык буудайдын үрөөнү экспорттоло турганын айтты.

Түркмөнстан чет өлкөдөн буудай үрөөнүн сатып алары тууралуу маалымат өлкөдө ун тартыштыгы күч алган маалда чыкты. 20-апрелде “Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө ундун баасы кымбаттап, сатууга чектөө коюлганын билдирген.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы 2018-жылы өлкө пахта жана буудай жыйноо боюнча планды аткара албай калганын маалымдаган.

Учурда Түркмөнстанда нөшөрлөгөн жамгырдан улам эгин талаалары селден жабыркоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: