Menu

«Гранд» радиосу Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү менен байланышы жок экенин билдирди

Бөлүшүү:

Өзбекстандагы алгачкы коммерциялык радиостанция эсептелген «Гранд» радиосунун жетекчилиги Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү менен байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке какты.

Өткөн жумада Ташкентте «Грант» ридосуна ээлик кылган «EDEL VEYS-ALI» фирмасынын 100 пайыз акциясы сатыкка коюлганы белгилүү болгон.

Радионун «Фейсбук» баракчасына жарыяланган билдирүүсүндө радиостанциянын негиздөөчүсү Светлана Хондун бардык документтери жайында экендигине карабастан, сот фирманы мамлекеттин карамагына алуу чечимин чыгарганы жазылган.

«20 жылдан кийин негиздөөчүбүз жана жетекчибиз Светлана Хонго радиостанция таандык эмес экенин айтып жатышат. Анын радиого ээлик кыла турганын ырастаган тиешелүү мекемелер тарабынан берилген бардык документтер бар. Бирок биз кайрылган бир дагы орган буга көңүл бурган жок», — деп жазылган билдирүүдө.

Анда ошондой эле уюмга Рустам Мадумаровдун (Гүлнара Каримованын мурдагы күйөсү) кандайдыр бир тиешеси бар экенин ырастаган бир дагы документ көрсөтүлбөгөнү белгиленген.

«Сот болуп, анда «Гранд» радиосун мамлекетке алуу чечими чыгарылды. Сотко биздин бир дагы өкүлүбүз чакырылган эмес. Бул тууралуу Светлана Хонго былтыр жыл соңунда гана кабар берилген. Мында өтө чоң ката бар, бирок кайсыл бир себептерден улам маселе чечилбей келет», — деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсүнө таандык делинген бул фирма демпинг ыкмасы менен сатыла тургандыгы кабарланган. Анын наркы 4,1 миллиард сумга (480 миң доллар) бааланып, аукцион 8-майга белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: