Menu

Казакстанда майрамдарга карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бөлүшүү:

Казакстанда 6-12-май аралыгында ички иштер органдарынын жеке курамы күчөтүлгөн иш режимине өтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, бул күндөрү көчөлөрдө жана коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо максатында полиция кызматкерлеринин саны көбөйөт. ИИМ маданий иш-чаралар менен “Өлбөс полк” жүрүшү өтө турган аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн кабарлады.

Министрлик коомдук тартипти бузуу, иш-чараларды өткөрүүгө кедерги тийгизүү фактылары катталса, полиция мыйзам чегинде чара көрөрүн маалымдады.

Казакстанда 7-май Ата Мекен коргоочулары, 9-май Жеңиш күнү иретинде белгиленет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: