Ырчы Анжелика онлайн режиминде билим алуу үчүн 13-сентябрга чейин мектеп окуучуларына 20 смартфон белек кылат. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
“Дагы бир кубанычтуу жаңылык! Биз 20 балага 13-сентябрь күнү смартфон беребиз. Кызматташууга ар дайым активдүү иш алып барган инсандар менен чогуу кайрымдуулукта болууну чечтик”, – деди ал.
Ошондой эле ал посттун астындагы комментарийге билдирүү калтырган:
“Телефонго аябай муктаж болсоңуз, 0559120000 номерине , тастыктоо үчүн видео ( жашоо шарт) тартып жөнөтүңүз. Алдыңкы тизмеде бир дагы телефону үйүндө жоктор турат. Атасы, апасы жок наристелер. Коронавирус илдетинен өтүп кеткендердин балдары. Эч жерде иштебеген үй-бүлөлөр”.
Эскерте кетсек, буга чейин да ырчы онлайн сабакка катышууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жаткан 16 окуучуга бекер смартфон тараткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ