9-май – Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат. Мелдеш Ош жана Ысык-Көл облустарында өтүп жатканын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ат оюндары 4-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Биринчи лигада 16 команда ойнойт.
4-майда оюн талаасына чыккан командалар – «Кара-Ой Келечек» – «Төш Булак», «Алкан-Ата» – «Четинди», «Ак Суу» -«Тору Айгыр» жана «Көл-Төр» – «Соң Көл».
Ал эми 5-майда «Кабылан» – «Кара-Буура», «Атуул» – Жаш Күч», «Суусамыр Байтур» – «Аракет», «Ат Башы» – «Кыраан» командалары беттешти.
9-майда Жогорку Лигадагы «Ынтымак», «Достук», «Сары-Өзөн», «Сары-Өзөн рассвет», «Көк Жал» жана «Бакубат Талас» командалары арасында өзүнчө турнир өтөт.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ