Кыргызстанда бүгүндөн тартып музейлер жана китепканалар кайрадан иштеп баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жумуш алгоритми Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте макулдашылган.
“Алгоритм – бул коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча сунуш. Ал музейлердин жана китепканалардын негизги иш-аракеттеринин жүрүшүндө профилактикалык иш-чараларды уюштуруу үчүн иштелип чыккан”, – деп айтылат маалыматта.
Музейлерде жана китепканаларда аралыкты сактап, жайларды дезинфекциялап турушу керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ