Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, 2020-жылдын 7-сентябрынан тартып, Кыргызстан Швейцарияга киргенде жарандары 10 күндүк карантинден өтүшү керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылгандыгы тууралуу маалымдайт. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Тиешелүү чечим Швейцария Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 4-сентябрында кабыл алынган.
Демек, 2020-жылдын 7-сентябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын жарандары виза жана башка уруксат документтери менен Швейцарияга эркин кире алышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ