Menu

Дилетанттар каптаган өлкө өнүкпөйт: Топчубек Тургуналиев, Рыскелди Момбеков, Садык Шер-Нияз…

Бөлүшүү:

Айыкпас рак оорусун айыктырамын деп, жеке менчик оорукана ачып алган элдик табып Хашим Зайналиев президент Сооронбай Жээнбековго өзүнө ыксыз асылган адамдардан коргоону суранып кайрылды. Ушуга туш эле ага карата кылмыш иши козголгону дайын болду. Бул ага карата экинчи ирет козголуп жаткан кылмыш иши экен. Башкача айтканда, адам өмүрү менен байланышкан шарлатандык-дилетанттык аракеттерге мыйзам чегинде бөгөт коюу аракети жасалууда. Бирок, анын бул ирет да ишке ашпай турганын азыртан эле айтууга болот. Себеби, ден соолук жана дарыгерлер ишмердигиндеги жөнгө салууга багытталган мыйзамдардагы алешемдиктер буга жол бербейт.

Дегеле, ансыз деле укук коргоо органдары өтө чабал (же атайылап эле паракорчулук ж. б.у.с. нерселердин айынан “чабал” болуп калышкан) өлкөдө ар кандай дилетанттарга жана шарлатандарга кеңири шарттар түзүлгөн. Анын уландысы афера, алдамчылык, алдап мүлкүн тартып алуу сыяктуу дагы көптөгөн кылмыштарга жол ачат…

Дээрлик бардык тармактарда ушундай эле көрүнүш көндүм адатка айланган. Натыйжада, дилетанттар эч уялып да койбостон, профессионал адистерди четке сүрүп чыгып, алардын ордун ээлеп алышкан.

Кечээ жакында Топчубек Тургуналиев аттуу бир кездеги КыДыКычылардын “серкечтеринин” бири телеге чыгып алып бакылдап жатат: мен азыр чексиз бактылуумун, анткени өз жашоомун маңызына айланган ишти таап алдым, “Манас” эпосу менен алектенемин деп!..

Сыягы, бир кезде марксизм-ленинизм идеяларына сыйынып, кийин компартиянын ооматы кеткен соң демократка айланып, ал жактан да четке сүрүлүп калган соң, өз адистиги бийчи (танцор!) болгон бул саясий-коомдук ишмер акырында минтип чимирилип келип, такыр конкуренциясы жок, жылуу орунду таап алдым деп ойлоп, жапма сакалынын алдынан мыйыгынан гана, байкатпай жылмая, кудуңдап жаткан сыяктанат!..

Эми ага майдалап, чайнап берип, түшүндүрүп көрчү: «Манаска» жаш курагың сексенге таяп калганда келүү абдан эле кечтик кылат. Аны бала чагыңдан кан-жаныңа сиңирип, өмүр бою окуп-изилдеп, бүт өмүрүңдү арнасаң да аздык кылышы мүмкүн» деп. Бирок, бул демагог моюнуна алар бекен?

Тим эле филолог-адистер, профессионал адистер жетишпей жаткансып, билими боюнча бийчи адам, — “Манастаануу ” институтун жетектейт. Же, эпосту хорго салуу сыяктуу абсурд аракеттердей, ал «Манасты» дагы бийге салам деген ою барбы? Эми аны дагы көрө жатарбыз…

Дагы бир мисал: Бир кезде тоок багып байыган, Кыргызстандагы алгачкы фермерлердин бири болгон, мурдагы райондук коммунисттик партиянын экинчи секретары Бегиш Ааматов азыр пенсияда жүрөт. Эгемендиктин алгачкы жылдарында абдан колориттүү фигуралардын бири болгон Ааматов чоң саясаттан кыйла убакыттан бери четте калгандыктан, зериккенден уламбы, же тарых илимине баш-оту менен берилип кирип изилдеп, буга бүт өмүрүн арноо менен жашаган чыгаан тарыхчылардын жоктугунан уламбы, айтор, Чыңгызхандын кыргыздын баргы уруусунан чыккандыгы тууралуу тарыхый теманы көтөрүп чыкты!

Эриксизден, азыркы тапта тоок багуу, жумуртка сатуу бизнеси кеңири таркап жаткан чакта, бир кезде тоок багып, тажрыйба топтогондор бул багытта чакан болсо да, кыргыз тилиндеги методикалык колдонмо жазышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшсө, бул кыйла пайдалуу болмок беле деген ой жаралат. Же тоок баккандардын көбү орус, англис тилиндеги атайын адабиятты пайдалана алышпаса?..

Объективдүү караганда, мында биздин тарыхчы окумуштуулардын пассивдүүлүгү дагы кыйыр роль ойногон сыяктанат. Эгемендик доорунда жарыяланган Белек Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхы”, же кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтурдун “Кыргыз тарыхы” сыяктуу фундаменталдуу эмгектеринен башка эл сүймөнчүлүгүнө айланган, өзгөчө популярдуулукка жеткен эмгекти атоого болобу? Азыркы учурдагы тарыхый иликтөө сыяктуу элдир-селдир бир нерселерди чиймелеп жүргөндөрү болсо, кийинки доордо дароо эле президенттердин генеалогиясын (Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин, Роза Отунбаеванын, Алмазбек Атамбаевдин, Сооронбай Жээнбековдун ата-тегин) “тарыхый аспектиден” изилдөөгө ашыгышканы көнүмүш адатка айланды.

Бир кездеги милиционер (ал андан соң, бир аз убакытка азыркы сөз баркы кеткен, басма сөздүн деңгээли түшкөн заманда самоучка-журналист болуп да иштей калган!) “апрель революциясынан” соң, заматта маданият министри болуп чыга келип, кезектеги жыйындардын биринде эбак эле аркы дүйнөгө кеткен залкар композитор Калый Молдобасановду “Эмнеге ал киши өзү келген жок?” — ​деп жыйынга катышып олтурган элдин баарынын оозун ачтыра таң калтырып, алардын кээ бирлери жыйындан чыккан соң, ичтери ооруганча күлүшкөнүн айтышат…

Эгерде азыркы кырдаалга олуттуу талдоо жүргүзүп көрсөк, Кыргызстан дилетанттык илдетке тээ өткөн кылымдын соңку он жылдыгында эле чулгана баштаганына күбө болобуз. Академик Аскар Акаев күтүүсүздөн эле чоң саясатка аралашып, компартияны тарыхый аренадан сүрүп чыгаруу доорунда президент болуп калды. Аны баары өткөөл учурдун убактылуу президенти дешкен. Он беш жыл дегенде араң кутулдук дешти эле, анын дилетант-куйруктары азырга чейин чоң саясаттан кетише элек. Балким, баарын биротоло талкалап бүтө элекпиз, али иштер көп деп жүрүшсө керек!..

Өндүрүш-өнөр жай дегенди мындай кой, чакан мамлекеттик башкаруу боюнча тажрыйбасы жоктор премьер-спикер-госсекретарь ж. б. дагы ушул сыяктуу чечүүчү, чоң кызматтарга жетишти. Кыскасы, ошол дилетанттар армиясы өлкөнүн да, элдин да убалына калышты!..

Эзелтен бери эле, улуттук нарк-насилдеринде кылымдарды карыткан кыйшаюусуз чындык катары жашап келген, турмуштук-практикалык жактан эң көп колдонулуп, жашоо акыйкаты катары бааланган накыл кептеринин биринде “бөдөнө сойсо да — ​касапчы сойсун!” — ​деп, адистик чеберчиликти баарынан жогору коюп жашап келген элде адистик чеберчиликке караганда шылуундук, жана башка көмүскө сапаттар жогору бааланып калган кезге да жеттик.

Профессионализмдин баркы кетти. Себеби, бардык тармактарда дилетанттар толуп алган. Ошонун натыйжасында “Паракорчулук–дилетантчылык–коррупция” деген булганыч үч бурчтук туруктуу схемага айланып калды. Анткени, профессионал адис: “Мен өз ишимди эч кынтыксыз, жогорку деңгээлде аткарып жатсам, эмне үчүн кимден коркушум керек жана да кимдир бирөөгө пара беришим керек?!” — ​дейт эмеспи. Ал эми дилетант адам паракорчулук системасыз жашай албайт. Ал билет — ​адис катары өзүнүн нөл экендигин жана да жооптуу кызматтарда эптеп гана илешип жүргөндүгүн. Ошол эле учурда, ал тиешелүү адамдарга баягы эле схема боюнча керектүү суммадагы параны эбак эле карматып койгондуктан, өз ишин такыр билбесе да, эч нерсени жакшы түшүнбөсө да, ишенимдүү түр көрсөтүп жүрө берет. Себеби, баягы жогору жактагы “крышасы” аны дайыма коргоп каларын жакшы билет. Ага ээсин тааныган күчүктөй болуп шыйпаңдап, кошомат кылып турат.

Жети-сегиз кишиден турган бөлүмдө өз ишин жакшы билген эки-үч гана адис болот. Калгандары чоңдорго алар бүтүргөн кагаздарды ташыйт. Биргелешип, чогуу бүтүрдүк деп учкаша калышат. Кагазга кошуп, эки ортодо сөз ташымай да “милдетти” аткарат. Эриксизден, Грибоедовдун өлбөс-өчпөс каарманы Чацкийдин «Молчалиндердин баары жыргап-куунап жашап жатышат!» — ​деген канаттуу учкул кеби эске келет…

Мындан он жылча илгери ыраматылык физик-окумуштуу Самат Кадыров — ​атактуу Альберт Эйнштейндин “Теория относительности” мыйзамын жокко чыгарган илимий ачылыш жасагандыгы жөнүндө маалымат “дүңк” эткен… Илимий ачылыш гипотеза-түкшүмөл, адашуу-жаңылуу сыяктуу көптөгөн коштоочу элементтер аркылуу келери маалым. Арийне, адистер тарабынан ал гипотеза эч колдоо таппай калган. Бизди таң калтырганы — ​физика илиминен элемантардык түшүнүктөрү да жок, же тарыхчы эмес, же жазуучу эмес, же окумуштуу эмес, же философ эмес, ара жолдо, дилетанттык деңгээлде калган адамдардын кыргыз физигинин гипотезасын улуу ачылыш катары көбүртүп жазып чыгышканы болгон. Башкача айтканда, баягы эле өздөрүнүн дилетанттык төмөн деңгээлин өздөрү ашкере кылышкан!

Мындан он беш жылча мурда болуп, азыр биротоло унутулуп калган бул “ачылышты” эстеп жатканымдын себеби, — ​Жогорку Кеңештин депутаты, Садык Шер-Нияз байыркы грек доорунан берки чечилбей келе жаткан “Төгөрөктүн төрт бурчтугун” (Квадратура круга) чечкенин жарыялады.

Массалык-маалымат каражаттары бул “окуяны” пиар кылууну жаңы гана башташкан кезде, окумуштуу-математик, Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү Павел Сергеевич Панков алардын куру кыялын суу сепкендей “жалп” эттире өчүрду. Көрсө, байыркы грек доорунан бери табышмак болуп келе жаткан “Квардратура круганы” орто эсеп менен алганда, ар бир жарым жыл сайын “мен чечтим” дегендер чыгып турганы эбак эле “көнүмүш статистикага” айланыптыр…

Мурдараакта Садык Шер-Нияз Курманжан-Датка жөнүндө фильмин тартып бүтүп, эми «Манасты» экрандаштырсам деген амбициялуу кыялын билдиргени бар. Чынын айтканда, эгемендик доорундагы кино тартуу тармагындагы эң көп финансылык каражатты сугунган «Курманжан-Датка» фильминен соң, дүйнөлүк кино жетишкендиктеринен жакшы кабары бар, олуттуу аудиторияны түзгөн катмар өкүлдөрүндө ушунча каражат коротулгандан кийин, шедевр болбосо да, бир аз дурусураак фильм тартылса болмок экен деген өкүнүч пайда болгон. Айрымдар каршы пикир да айтышы мүмкүн — ​ортозаар фильм болсо, эл аралык фестивальдарда баланча сандагы сыйлыктарды кантип жеңип алды? — ​деп… Пиар-кампания, сыйлыктардын баары утурумдук атрибуттар. Кептин баары — ​кинофильм мындан ары дагы канча узак убакытка чейин жашап кете алат? — ​деген суроого барып такалгандыгында болуп жатпайбы. Эл аралык кадырлуу киноведдер, олуттуу адистер бул тууралуу али ооз ачыша элек.

Өлкө өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн бардык тармактарда күчтүү профессионал-адистердин катмары калыптанышы зарыл. Ансыз азыркы дилетанттар курамы менен өнүгүү кыйын. Учурдагы оор кризистин башкы себептеринин бири дал ушул.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: