Menu

Жалал-Абадда усталар электромобиль жасашты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын тургуну Ысмайыл Валиев 30 жылдан бери унаа оңдоо менен алектенет. Ал Кыргызстанда алгачкылардан болуп күйүүчү май менен жүрүүчү унааларды электр тогу менен кыймылга келтирди. Адегенде үч дөңгөлөктүү транспортту сынап көргөн жана ал ийгиликтүү болгон.

“Мен көп жылдан бери ойлонуп жүрчүмүн. Бир күнү ушул мопедди электр энергиясы менен жүргүзүүгө аракет кылдым. Жыйынтыгы жаман эмес. Азыр муну бир мүмкүнчүлүгү чектелген бала минип жүрөт”, – дейт уста.

Устанын эмгегин көрүп, шаардагы усталардын бири Жумадыл Мавлянов ортодо дагы бир унааны жасап көрүүнү сунуштайт. Анын өзүнүн да устачылыктан кабары болгондуктан, биргеликте “матиз” үлгүсүндөгү унааны ток менен жүрүүгө ыңгайлаштырышат. Ал үчүн бир апта тер төгүшкөн.

“Бул кадимки эле элдердин басымдуусу минип жүргөн “Матиз”. Мунун кыймылдаткычын алып салып, ордуна электрдик кыймылдаткыч жана кубаттуу аккумулятор койдук. Бул аккумулятор 5-6 жыл эч нерсе болбой иштей берет. Суук, ысык айырмасы жок”

Керектүү тетиктер Кытайдан буюртма менен алынган. Аны 3 саат кубаттап, 100 чакырымга чейин жүрүүгө болот. Азырынча электромобиль сыноодо. Эгер усталар күткөн жыйынтыкты берсе, кардарлардын талабына жараша дагы жасалат.

Адистер анын экологияга жана адамдардын капчыгына пайдалуу экенин белгилешүүдө. Анткени ага күйүүчү май колдонулбайт. 100 чакырым үчүн, болгону 10 сомдук электр энергиясы гана сарпталат.

Азырынча электромобилди шаар ичинде же белгилүү бир аймакка чейин гана айдоого болот. Анткени жол жээктеринде бул унааларды ток менен камсыздоочу бекеттер жок. Бирок мындай унаага суроо-талаптын жогору экенин эске алганда, келечекте электромобилдер кеңири колдонулат деген ишеним бар.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: