Menu

“Каттани” – Өмүрбек Суваналиев Ички иштер министри болобу?

Бөлүшүү:

Узун кулактык кылып уккан маалыматтарыбызга караганда, бийликте бир топ министрлер алмашаары айтылууда. Алардын катарын коомчулукта көбүрөөк иши сынга алынгандар экени белгилүү эле болду. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев сап башында экен. Буга чейин Мурашев айыл чарбаны эптей албаганы катуу талкууну жаратып, чирип кеткен картошкага да анын тийиштиги бар экени айтылып жаткан. Мурашев менен бирге вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдердин дагы аттары аталууда. Кыясы, ИИМди жетектеп “Катани” каймана аты бар Өмүрбек Суваналиевдин барып калышы мүмкүн окшоп калды. Буга чейин Суваналиевдин кызматка барышын ИИМге карай жол катары айткандар болгон болчу. Ал эми президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Ташпаева вице-премьер министр болуп Алтынай Өмүрбекованын ордуна бараарын боолгологондор бар.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: