Башкы прокуратура Юстиция министрлигине карата экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доо арызын канааттандырып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алганы маалым болду. Бул тууралуу КСДПдан маалым болду. КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Турдукулов буларды айтты: “17 күн өткөндөн кийин реестрге киргизишти. Жаңы кодекс боюнча реестрге кирди деген мурдагыча айтканда кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөт. «Юстиция министрлиги партиябыздын «төрагасы» деген жерге башка адамдын аты-жөнүн жазып койгону мыйзамсыз» деп кайрылган болчубуз”. Эми маселе кандай чечилет, аны убакыт көрсөтөт.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ