Menu

Мирзиёев тойго барган атка минерлерди камай турганын билдирди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Мирзиёев тойдо көп жүргөн атка минерлерге жини келип, катуу билдирүү таратты. Ал: «Баардыгы бирдей той берет. Эгер бир жетекчи, аким, прокурор, салыкчы норманы буза турган болсо ошол күнү түрмөгө камайм, көрөсүңөр. Бапыратып үйлөнүү үлпөт тоюн берүү үчүн акчаны кайдан алып жатат? Мунун бардыгы уурдалган акча! Тойго 110-120га чейин гана киши чакырылат. Эң көп дегенде 150 киши келип, ал дагы атайын комиссиянын уруксаты менен болот. Башкача той болбойт. Эгер мамлекеттик автоунааларды чайханалардын алдынан көрсөм иштен алып, кылмыш жоопкерчилигине тартам. Бой көтөргөн премьер келгенде баардыгы ордунан турган көрүнүш элге жакпайт. Эң жакшысы ошол акчага эт алгыла, же муктаждардын үйүн оңдотуп, телевизор сатып бергиле, уяты жоктор десе! » — деп президент сөз берди. Президент тыюу салуу менен коррупциянын деңгээлин азайтып, өлкөдө адилеттүүлүк орнотууга жардам берерин кошумчалады. Президент мындай тыюу премьер-министрге, акимдерге жана башка аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө тиешелүү экенин баса белгилеген. Жаңы токтомго ылайык, той саат 13:00дөн 14:00гө чейин өтүп, коноктордун саны 120дан ашпашы керек.

Ал ошондой эле Олий Мажлистин Сенаты «үйлөнүү үлпөтүнө чакырылгандардын санына чейин аныктаган» токтом кабыл аларын айтты. Өзбек ажосу: «Бюджеттен айлык алган катардагы киши төрт кызын күйөөгө узатышы керек болсо асынып калып жатат. Анткени башка чара жок. Карызга батышып, ден-соолуктарына да кам көрүшпөйт. Үйлөнүү үлпөт тою үчүн акча топтоп, канча килограмм палоо керек, кандай эмерек алыш керек деп баш катырышат. Биз бапыраган үлпөт тойлорду өткөрүүдөн баш тартуу боюнча аракеттерди көрдүк, бирок ишке ашкан жок», — деп кошумчалаган.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: