Menu

Боронов Конституцияны окуганбы деги?

Бөлүшүү:

Жакында вице-премьер К. Боронов шаар мэрлерин чогултуп кеңеш курду. Шаар башчылардын алдына – өзүлөрүнүн калк жашаган пункттарын өнуктүрүү милдетин койду. Кептин баары мында, Конституция боюнча анын тигилерге буйрук берүүгө эч кандай укугу жок. Баса, айтылганды ансыз деле эч ким аткарбайт эмеспи.

Кубатбек Боронов чогулгандарга айткандай көрсө, өлкөдө 2018-2020-жылдарга карата «Шаарлар – өсүү чекиттери» деп аталган программа ишке ашырылып жаткан экен. Эми бул программада белгиленген бир жарым жылдык мөөнөт аяктаган соң, мэрлерге «өсүү чекиттери» катары өзүлөрүнүн беш жылдык пландарын даярдоо тапшырмасы берилип жатыптыр. Пландарда инвесторлорду тартып келүү айтылган, анткени республикалык бюджетте каражат жетишсиз.

Бирок шаар мэриялары – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. КРнын Конституциясынын 113-беренесинде болсо: «Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлиги-ше албайт» деп айтылган. Бирок Кубатбек мырза бул документти кыязы, эч качан окуган эмес окшойт.

Анын мындай кадамы эмнени айтып турат? Президент тарабынан айтылган Кыргызстандагы «аймактарды өнүктүрүү жылы» «өсүү чекиттери» программасы менен кошо ордунан чыкпай калганын кабарлап ту-рат. Аймактарда эч кандай өсүш байкалбайт, дотацияда отурган айыл аймактарынын саны эч бир кыскарган жок. Бирок өкмөт президентке бирдемени айтып, отчет бериши керек эмеспи…

«Шаарлар – өсүү чекиттери» деп аталган программаны кезиндр экономикалык өнүктүрүү министринин мурдакы орун басары, учурда президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын бөлүм башчысы Данияр Иманалиев даярдап, түртмөлөп өткөргөн. Анын долбоорунун жолу болгон жок. Анүстүнө программанын тексти кудум Бакиевдин заманындагы премьер-министр Чудинов кол койгон программанын (ал да оңунан чыккан эмес, албетте) текстине да абдан окшош экенин айтып жүрүшөт. Бул программанын ошондо эле ойрону чыккан болсо, эмне үчүн азыр иштеп жатат?

Бул жерде өкмөткө «жаш, келечектүү» экономисттин эңсеген кыялдары үчүн жоопкер болууга туура келет. Шаар мэрлери болсо бирдемелерди чампалап план жаза салышат, анткени аларды аткарганга баары бир акча жок. Мунун мисалын жакында эле көрдүк, Жалал-Абадда наркы жарым миллион доллар турган коомдук дааратканалардын тармагын курууну сунушташпады беле. Өкүнүчтүүсү, бул азил тамаша кеп эмес, биздин зээн кейиткен турмуш чындыгыбыз.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: