Menu

Өзбекстан Түркиядан аскер унааларын сатып алат

Бөлүшүү:

Өзбекстан Түркиядан брондолгон аскер унааларын сатып алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматына таянып Podrobno.uz сайты жазды.

Тиешелүү келишим күн мурун Ташкентке келген Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаникли баштаган делегация менен сүйлөшүү маалында талкууланган.

«Өзбекстан Nurol компаниясынын EJDER 4х4 деген брондолгон унаасын алууну пландап жатат. Өзбек тарап аны быйыл июлда Өзбекстандын шартында сынап көргөн жана ага канааттанган. Азыркы тапта аталган аскер техникасынан онду сатып алуу жагы каралууда», – деп билдирди Коргоо министрлигин өкүлү.

Ал өзбек тарап мындан ары дагы Түркия менен аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин айтты. Бул үчүн учурда түрк тараптан инвестиция тартуу менен аталган техникаларды Өзбекстандын аймагында биргелешип өндүрүнүүнү жолго коюу маселеси талкууланууда.

Брондолгон EJDER 4х4 унаасы эки кишиден турган экипаж менен бирге сегиз десантты алып жүрө алат. Ага ар түрдүү курал-жарактарды да орнотууга болот.

Буга чейин АКШ армиясы Өзбекстанга кайтарымсыз негизде MRAP тибиндеги 308 брондолгон унаа берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: