Menu

Видео – Шарабидин Токтосунов: “Аида Салянованын Садыр Жапаровго кылган кыянатчылыгы – бул кылмыш ишти толук фалсификациялап, өзү кылмыш жасаганы”

Бөлүшүү:

“Аида Салянованын анда Садыр Жапаровго кылган кыянаттыгы – ал Садыр Жапаровдун кылмыш ишин көзөмөлдөгөн. Кылмыш иши сотко жөнөтүлүп жатканда карап, 5 күн ичинде окуп, кылмыш иштин ичинде далилдер жетиштүү болсо сотко жөнөтүп, далилдер жетишсиз болсо ишти кыскартып, артка кайтарыш керек эле”, – деди бүгүн, 10-майда адвокат Шарабидин Токтосунов экс-генпрокурор Аида Салянованын 23-апрелде Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдоо митингинде чыгып сүйлөгөн сөзүнө комментарий берип жатып.
“Кылмыш иштин ичинде жабырлануучларды “жабырлануучу” деп тапкан токтом турат. Алардын көрсөтмөлөрү турат. Ал жерде иштин фабуласынын орду бош калган да, таза эле баракка кол коюлуп калган. Жабырлануучуларды эч кандай сурак кылбай туруп эле кол койдуруп алышкан. Мен бул тууралу сотто да айттым. Генпрокурордун Садыр Жапаровду айыпкер катары жоопко тартуу жөнүндөгү токтому – бул эң негизги документ болот. Биз Садыр Жапаров экөөбүз бул токтомдун ар бир барагын окуп чыгып кол койгонбуз. Кийин сотко кеткенде анын биринчи барагы өзгөрүп калган. Биз окуганда ал токтомдун биринчи барагын Генпрокурордун орун басары Жээналиев бекитип кол койгон эле. Анын бир көчүрмөсү биздин колубузда калган. Бирок биз иш менен таанышкандан кийин депутат Садыр Жапаровго генпрокурордун орун басары кылмыш ишин козгой албайт, генпрокурор өзү гана козгой алат деп билдиргенбиз. Ошондон кийин алар биз кол коюп, бир көчүрмөсүн алып калган токтомдун биринчи барагын алмаштырып, Аида Салянова кол коюп сотко жиберген. Бизге айыптоо корутундусун 24-декабрда беришкен. Аида Салянова кол койгон биринчи бетте 25-декабрь деп кол коюлган. Сотко 24-декабрда кеткен документтерге Аида Салянова кантип 25-декабрда кол коё алат? Мына ушулардын бардыгы Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иштин жасалма экендигин айгинелейт. Аида Салянова бул иште жөн эле катачылык кетирбестен кылмыш ишти фальсификациялаган. Кагаздарды алмаштырган – бул өзү кылмыш болуп эсептелет. Өзүнүн кызмат абалынан, укугунан кыянаттык менен пайдаланган… 2013-жылы октябрда Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосунан ашканы боюнча ачылган кылмыш иши боюнча ал экөөсү бошотулуп, соттолгону жоюлган, ал эми тосмону ашпаган, дегеле ага катышпаган Садыр Жапаров соттолуп, соттолгону жоюлбай калтырылган”, – деди Токтосунов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: