Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Жүрөгүм тынч, камайт деген кооптонуум жок”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, Текебаев менен Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралганы менен эмнегедир эл күткөн чечим чыккан жок. Азыркы бийлик деле мурунку бийликтин катачылыгын кайталап жатабы?

– Мен укук коргоочу катары башынан эле Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров саясий куугунтуктун негизинде камалышканын айтып келе жатам. Алардын саясаттын курмандыктары болушканын президент деле билет. Бирок эмнегедир Жогорку сотто эл күткөндөй чечим чыгарылган жок. Текебаевдин иши райондук сотко жөнөтүлбөй, Жогорку сотто калып калды. Саясий куугунтуктун айынан камакка алынган саясатчыларды эркиндикке чыгарбай, кайра камакта калтырылганы азыркы бийликке аброй деле алып келбейт. Мындай жагдайлар бийликтин кадыр-баркын кетиргенге, коомчулуктун ишенимин жоготконго шарт түзөт. Буларга адилеттүү чечим чыгарып коюшса калыстык орун алмак. Элдин бийликке болгон ишеними жогоруламак.

– Баса, 6 жыл мурун эркиндикке чыккан Батукаевдин маселесинде дагы сиздин атыңыз аталып жүрөт го? Сизди ошол маселе үчүн садага чабышканы туурабы? 100 миң доллар алганыңыз чынбы?

– Туура, Батукаевдин иши боюнча мени садага чабышты. Чынында ал ишти мага айттырышып алып, кайра мени күнөөлүү кылышып, кызматтан кетиргенге чейин барышкан. Бирок мен Бусурманкул Табалдиев “Сиз акыйкатчысыз. Батукаевдин оор дартка кабылганын, 3 күндүк эле өмүрү калганын коомчулукка айтсаңыз” – дегенинен айткам. Менин болгон күнөөм ошол. Алар ал маалыматты менин оозум менен айттырышып, жыйынтыгында болгон дооматтын баарын мага койдуруп, мени каралап, ошол сөздү айтканы үчүн 100 миң доллар алды деген маалымат таркатышкан. Чынында мен андай акчаны алган эмесмин. Болгон күнөөнү мага жабыш учүн ошондой маалымат таркатышып, мени садага чабышкан. Ак болгонум үчүн өз чындыгымды айтып жатам. Бул маселеге тасирдүү адамдар аралашканы үчүн бир күндө Батукаев бошоп кеткенин мен эмес, элдин баары билет. Кудайдын көзү түз экен, ал мезгилде чындык төө бастыга алынганы менен эми жиптин учу чыгып, кимдердин тиешеси бар экени айтыла баштады. Буюрса, мага жалаа жаап, көмүскөдө калган фигуралардын да аты чыгат деп үмүт кылам.

– Эми Батукаевдин жанданган ишинин жыйынтыгы менен жоопкерчиликке тартылып калбайсызбы?

– Акыйкатчы айткан сөзүнө жооп бербейт. Анткени, Акыйкатчы чечим чыгара турган орган эмес. Акыйкатчыны кылмыш жоопкерчилигине тартканга мыйзам жол бербейт. Ошон үчүн менин жүрөгүм тынч, камайт деген кооптонуум жок. Мени жоопкерчиликке тартып, камашпаса да, туш тараптан караланып, Батукаев чыгып кеткенден кийин моралдык жоопкерчиликке тартылдым. Кызматымдан кеттим. Элге жаман көрүндүм. Ошон үчүн жоопкерчиликке мен эмес, аны чыгарып жиберген соттор, прокурорлор жана аны кызыл килем менен узатып, ага бир күндө паспорт жасап бергендер тартылышы керек. Анткени, Батукаевдин чыгышында процессуалдык норма бузулган эмес дебей, прокурорлор каршы болгондо Батукаев бошобой калмак.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: