Menu

Фото – Чолпон-Ата шаарында эл аралык “Run the Silk road” марафону жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

11-майда Чолпон-Ата шаарында Москва олимпиадасынын коло байге ээси, даңазалуу марафончу Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган “Улуу Жибек жолу” эл аралык марафон мелдеши быйыл 8-ирет курч мүнөздө, жогорку уюшкандыкта өттү. Анда катышуучулар 42 км, 21 км, 10 км жана 3 чакырымга чуркашты. Спорттук иш-чара Чолпон-Атадагы ат майданында саат 9:00дө старт алып, ага дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн келген 3 миңге жакын адам катышты.

Иш-чаранын ачылышында президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мамлекет башчысынын атынан чыгып сөз сүйлөдү. Ошондой эле Кыргыз Реупбликасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоевалар сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады. Марафонго бардык каалоочулар катышкан ШКУ марафонунун байге фонду 2 млн. 790 миң сом болду.

42 км 195 метр марафондук жарышта эр-азаматтардан кыргыз жигити Адилет Кыштакбеков марага озуп келип, алтын медаль тагынып, 4 миң АКШ доллары акчалай сыйлыктын ээси болду. Ал бул аралыкты 2 саат 26 минут 20 секундда чуркап өттү. Экинчи жана үчүнчү орундарды өзбекстандык Шохрух Давлятов (2:28:53) менен Андрей Петров (2:29:20.) камсыз кылышты.

Кыз-келиндердин 42 км.195 метр марафондук жарышында баш байгени Азия чемпиону, караколдук Дарья Маслова жеңип, 4 миң АКШ долларын утуп алды. Ал бул аралыкты 2 саат 41 минута 36 секундда чуркап, марага биринчи келди. Экинчи орунду дагы кыргызстандык Юлия Андреева жеңсе, үчүнчү орун кытайлык Пан Юн Ли ыйгарылды.

Марафондук жарыштарда экинчи орунду ээлегендерге 3,5 миң , үчүнчү орунга 3 миң, төртүнчү орунга 1,5 миң, бешинчи орунга 1 миң, алтынчы орунга 500 АКШ долларынан акчалай сыйлыктары ыйгарылды.

Ошондой эле 21 км аралыкка эр-азаматтардын жарышында кытайлык жөө күлүк Янг Ле биринчи орунду ээледи. Кыз-келиндерден 21 км аралыктагы жарым марафондук жарышта марага кыргызстандык Виктория Полюдина озуп, биринчи келди.

Аларга да биринчи орундан алтынчы орунга чейин 1,5 миң АКШ долларынан 300 долларга чейин акчалай сыйлыктар берилди.

10 км аралыктагы жарышта кыз-келиндерден кыргызстандык Айдана Бактыбек кызы баш байгенин ээси болсо, жигиттерден дагы кыргызстандык Баястан Максатбек уулу марага озуп келди. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: