Бишкектеги троллейбустардын ичи жаңы жылга карата кооздоло баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчилерден болуп №2 троллейбусунун айдоочулары Улан Биялиев менен Аскат Кыштообеков салондун ичин кооздоп башташкан.
“Учурда биз калган троллейбустарды кооздоп жатабыз. Кийинки жумадан тартып, жүргүнчүлөрдү жасалгаланган унаалар ташыйт” – деп айтылат билдирүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ