Menu

Кытай жооп катары америкалык товарларга бажы төлөмүн көбөйттү

Бөлүшүү:

Кытай америкалык товарларга бажы төлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Кытай басылмалары өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин тарифтик саясат боюнча комиссиясына шилтеме кылып жазышты.

Пекин мындай чечимди АКШнын Кытай товарларына карата бажы төлөмүн көбөйткөндүгүнө жооп чара катары кабыл алган.

Кытай АКШнын жалпы баасы 60 миллиард долларга жеткен товары үчүн бажы тарифтерин 5 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрө тургандыгы кабарланууда. «Бирок бул өзгөртүүлөр күчүнө кире турган мөөнөт 1-июнга калтырылды. Ага чейин АКШ менен Кытай бийлигине чектөөлөрдү эки тараптуу жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилет», —  деп жазды The New York Times.

Өткөн жуманын аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын жалпы наркы 200 миллиард долларга бааланган товарына тарифтер 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрүлө турганын билдирген. Анда жаңы бажы тарифтери көбүнесе автотетиктерге тиешелүү болору кабарланган.

«Эми бизнес кыла турган эч ким калбайт. Кытай үчүн жаман, АКШ үчүн өтө жакшы болот! Кытай көптөгөн жылдардан бери Кошмо Штаттарды пайдаланып келгендиктен (биздин президенттер анча жакшы иштешкен эмес), азыр алар кыйла алдыда. Андыктан Кытай жооп бербеши керек — мындан да жаман болот», — деп жазган Трамп «Твиттер» баракчасына.

АКШ президенти шайлоо өнөктүгү маалында америкалык компанияларды чет өлкөлүк товарлардан коргоо үчүн бир катар чараларды көрө турганын убадалаган. Ал өлкөнүн мурдагы жетекчилерин Кытайдын америкалык базарга жасаган таасирин жоюуга жетиштүү аракеттерди көргөн эмес деп айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: