Menu

“Бактысы ачылбаган” патрулдук кызматына 381 миллион сом каралмай болду

Бөлүшүү:

Кыргызстанда Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, ага ал кездеги Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон болчу. Бул мекеме өз атын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн. Мунун негизинде келечекте күндө адам өмүрүн алган жол кырсыктары азаят деген үмүттөрүн айтышкан болчу. Эскерте кетсек, Жол кайгуул кызматы 2016-жылы 1-апрелинде ишке киришип, Жол кайгуул жана МАИ кызматы ага бириктирилген. Бул аракеттерди кезинде өкмөттүн реформасы катары баалап, аны айга-күнгө теңегендер чыккан. Тилекке каршы, реформалар акчанын азабын тарттыруу эле болуп, ал максаттар ишке ашуусу арсар абалда калды. Эми кайрадан Патрулдук кызматын кайрадан түзүү керектиги айтылып ал долбоорду ишке ашырууга бюджеттен 381 миллион сом каралат. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, бул жылы 197 миллион 200 миң сом коротуу пландалган.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: