Menu

Эрназар Иманкадыр уулу, “КТ-Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары: “Саясый чайкоочулардын айынан иштен кеттим”

Бөлүшүү:

-Эрназар мырза, социалдык тармактарда сиздердин компания тууралуу катуу кара пиар жүрүүдө. Сиз Фейсбуктагы ажиотаж боюнча эмне айта аласыз?

– Биз өлкөбүздө фейк жаңылыктардын бүтүндөй бир системасы иштелип чыккан, каралоонун, жөнү жок жаманатты кылуунун жана коомчулуктун башын айландыруунун системасы аябай тыкан иштейт деп эч качан ойлогон эмеспиз. Фейк жаңылыктарды таратып жаткандардын өздөрүнүн саясый, керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн тар максаттары бар. Аларды Кыргызстандын патриоттору деп айтканга ооз барбайт, карандай калп менен көз көрүнөө жалаа жабууну көздөгөндөрдүн, Кыргызстан эгемендик алгандан бери «Кыргызтелекомдун» курамындагы толук кандуу улуттук уюлдук байланыш компаниясына ээ болбошун каалабаган кишилердин көздөгөн максаттары башка.

– Эң башкы жаңылык катары сиздердин компаниядагылар асмандаган айлык акы алышарын айтышууда. Бул боюнча эмне дейсиз?

– Бул жалган маалыматты окуганда биз аябай таңкалдык. Кыязы, бул фейк жаңылыктарды таратып жаткандар фашисттердин идеологу Геббелестин «калп канчалык коркунучтуу болсо, эл ага ошончолук бат ишенет» деген логикасына таянышты көрүнөт. Сиздин сурооңузга жооп берейин, эң көп айлык 157 миң сомду, орточо айлык 30-40 миң сомду түзөт, ал эми катардагы кызматкерлер 20-25 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Компания али толук ишке кире элек болгондуктан, 27 адамдан турган бир эле топ иштеп жатат. Алар жогорку квалификациялуу адистер. Биздин жетекчибиз Нурбек Мукамбетов 2018-жылдын октябрынан азыркы күнгө чейин акысыз иштеп жатат. Ал коллективге да, өкмөт жетекчилигине да компания ишке киришип, киреше бере баштаганда гана өзүнүн айлык маянасы боюнча контрактка кол коёрун айткан. Айтмакчы, ал «Мегакомдун» биринчи директору, бул компанияны түзүп, бутка тургузуп, лидерге айланткан киши. Анан ордун ээлөөнү эңсегендер аябай эле көбөйүп кетип, аны жөн гана иштен четтетип коюшту, ырахмат да айтып коюшкан жок. Мени Берлиндеги техникалык университеттин бүтүрүүчүсү, немис компанияларында иш тажрыйбасы бар адис катары дал ушул киши ишке чакырган. Башка сунуштар бар экенине карабастан, мен Батыштан билим алып, бир нече компанияны бутка тургузган мындай тажрыйбалуу жетекчинин кол алдында иштөөнү өзүм үчүн сыймык көрүп, макул болдум.

– «Мегаком» компаниясы менен пикир келишпестигиңердин маңызы эмнеде?

– «Мегакомдун» жетекчилигинин позициясын түшүнбөй калдык. Биз жүз пайыз мамлекеттик компаниябыз, бүткүл дүйнөдө колдонулган тажрыйбаны колдонуп, түйүндөгү жыштыктарды биргелешип колдонуп, артыкбаш чыгымдардан качып жана байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн «Кыргызтелекомдун», «Мегакомдун» жана «КТ Мобайлдын» техникалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен жалпы бир түйүндү өнүктүргүбүз келет. Биз өздөрүнүн иштеп жаткан түйүнүндө аукционду утуп алган компания менен биргелешип пайдалануу үчүн «КТ Мобайлдын» жыштыктарын аукционго койгонбуз. Бул тууралуу аукциондун шарттарында так көрсөтүлгөн, «Мегаком» аукционго катышуу тууралуу арыз берген учурда алар аукциондун шарттарын кылдат иликтеп чыгышкан чыгаар. Бул аукционго «Бител» уюлдук компаниясы да катышкан. Конкурстук негизде өз түйүнүндө жыштыктарды биргелешип пайдалануу үчүн 345 млн. сом сунуш кылган «Магаком» компаниясы утуп алды.

Аукциондон кийин контрактка кол коюлуп, анда «КТ Мобайлды» ишке киргизүү боюнча тараптардын милдеттенмелери так көрсөтүлгөн.

8-майга карата биз компанияны ишке киргизгенге толугу менен даяр болчубуз, бирок, «Мегакомдун» жетекчилиги жаңы шарттарды коюп, «жаңы компанияны ишке киргизиш үчүн 86 млн. АКШ доллары керек, ага 10-11 ай талап кылынат» деп өкмөткө каттарды жаза баштады.

Бул атайылап эле жасалган дезинформация. Биз республиканын жетекчилигине бүткүл дүйнө түйүндөрдү ижаралык негизде пайдаланары тууралуу маалымат бердик. Анткени, биз даяр түйүндү бекер пайдаланалы деген жокпуз да. Образдуу айтканда, алар бизге өз жыштыктарын берип, өз түйүнүбүздү куруп алууну сунушташты. Бул абсурд, коомчулукту көз көрүнөө дезинформациялоо, дүйнөлүк тажрыйбаны толугу менен тоотпогондук эмеспи. Адистер биздин позициябыздын тууралыгын тастыктап, келишимди изилдеп чыгышкан соң «Мегакомдун» жетекчилиги позицияларын кескин өзгөртүп, эми ишкананы эки жуманын ичинде ишке киргизүүгө даяр экендиктерин билдирип жатышат. Бирок, иш үзгүлтүккө учурады да. Маселе ушунда. Буга удаа эле фейк жаңылыктар аркылуу компанияны каралоо башталды. Биз өзүбүздүн актыгыбызга ишенебиз, ишибиз да ачык, ким долбоордун деталдары, эмгек жамаатыбыз менен таанышкысы келсе, келип кеткиле деп чыкырабыз. Алар менен ар кандай маалыматты бөлүшүүгө даярбыз. Биз ошондой эле «бул маселелерди тейлеген комитеттин көчмө жыйынын өткөргүлө, бизге каалаган сурооңорду бергиле» деген өтүнүч менен депутаттарга да кайрылабыз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок, ар кандай компания сыяктуу эле ар качан ачык иш жүргүзөбүз.

– Элдин баарын сиздин айлыгыңыз кызыктырып жатат. Социалдык тармактарда сиздин «КТ Мобайлга» келишиңизди атаңыз менен байланыштырышууда. Буга не дейсиз?

– Мен сегиз жыл Германияда окуп, иштедим, Берлиндеги техникалык университетти бүтүрдүм. Ишенип коюңуз, борбор шаарыбыздагы №61 физика-математикалык мектептен окуп, Германиядагы ЖОЖго атамдын жардамысыз эле өткөм. Немис компанияларында сапаттуу техникалык жана экономикалык билим алып, тажрыйбага ээ болдум. Бул долбоордо деле мен атамдын жардамысыз эле иштеп жатам, анын менин ишим тууралуу түшүнүгү да жок. Менин билгеним боюнча, атам ОБСЕнин долбоорунда ачык өкмөттүн катчылыгынын жетекчиси болуп иштеп, ар кандай нормалдуу демократиялык өлкөдөгүдөй эле мамлекеттик түзүмдөргө ачык маалыматтар идеясын жайылтып жүрөт. Ал менден «социалдык түйүндөрдө жазылып жаткандар чынбы?» деп сураганда мен «шок» болуп, «эгер мындай көз көрүнөө калпка сиз ишенсеңиз, башкалар ого бетер ишенип албайбы» деп жооп бердим. Интервью берип жатканымдын себеби да ошондон. Учурдан пайдаланып, баардык журналисттерге, баардык бейөкмөт уюмдарга, баардык депутаттарга, өзүн Кыргызстандын патриоту катары эсептегендердин баарына кайрылып айтат элем: эгер сиздердин кандайдыр бир сурооңуздар болсо, түз өзүмө бергиле. Мен демократиялык өлкөдө жашаган, ачык коом болгон эмне экенин жакшы билем. Мен фейк жаңылыктардан, менин үстүмөн жугунду куймакчы болгондордон коркпойм. Биздин команда ак иштеп, өлкөбүзгө жана элибизге пайда гана келтирүүнү көздөшөрүн талбай далилдөөгө аракет кылам.

Эми айлык акыларыбыз тууралуу: 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын январына чейин биз акча албай, бекер иштеп, жыштыктарды биргелешип пайдаланууга аукцион даярдадык. Аукциондон кийин январь айында ишкананы ишке киргизүүгө даярдоо үчүн алты адамды (ичинде мен да бармын) жалдадык, алардын баары тажрыйбасы бар, жогорку даражадагы адистер. Алар команданын уюткусун түзүшөт. Биз баарыбыз бул жакка өзүбүздүн лидерибиз Нурбек Мукамбетовго ишенип келгенбиз. Иштин көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу биз кошумча адистерди тарта баштадык, февралда 12 киши иштесе, мартта 20, апрелдин аягында 27 кишиге жетти. Ушул ынтымактуу, жогорку квалификациялуу команда менен биз компанияны ишке киргизүүгө даярдап жатканбыз. Чоң көлөмдөгү иш жасалып, компанияны ишке киргизүү боюнча иш-чаралар тууралуу отчет да бергенбиз. Тилекке каршы, мына-мына ишке киргизебиз деп турганда түшүнүксүз интригалар башталып кетти…

Эң акырында кошумчалай кетким келет, ар кандай сөздөр, саясый чайкоочулуктар болбосун үчүн мен бул иштен арыз жазып кетүүнүү чечтим.

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: