Кечээ, 28-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна Данияр Мукашевдин талапкерлиги каралды.
КР Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов Кыргызстандын Швейцариядагы элчилик кызматына Д.Мукашевдин талапкерлиги боюнча сунуштама менен тааныштырды.
Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахаб Нурбаев Д.Мукашевдин талапкерлиги эки ай мурун Кыргыз Республикасынын БУУдагы (Женева) еврапалык бөлүмүнө туруктуу өкүл катары каралгандыгын эске салды.
Комитет мүчөлөрү Д.Мукашевди Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси кызматына дайындоого макулдук беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ