Menu

Алмазбек Атамбаев доого жыккан юристтер соттон утуп алды. Ошондо Дача СУга кулаган жүк Атамбаевдикиби?

Бөлүшүү:

Жогорку Сот өткөн жумада экс-президент Алмазбек Атамбаев жана юристтер Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын ишине чекит койду. «Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди», — деп айыпка жыгылган юристтердин иши каралып, алар сот доочуга өндүрүп берүүчү 10 миллион сом айып пулду төлөбөй турган болушту. Бул чечим дароо күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.

Эске сала кетсек, буга чейин 2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин ал кездеги жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Мындан улам, Башкы прокуратура: «Билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана арнамысына шек келтирилген», — деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.

Ошол кездеги баш прокурор И. Жолдубаева болчу. Натыйжада адегенде Октябрь райондук соту Жолдубаеванын арызын канааттандырып, адвокаттардан 10 млн сомдон өндүрүү чечимин чыгарган. Үй-мүлктөрү да камакка алынган. Себеби, ал кезде соттор да Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен чечим чыгарышчу. Бүгүнкү күндө акыйкаттык болуп, Жогорку Сот адвокаттардын пайдасына чечим чыгарды. Демек, биз мындан кулаган учактагы жүк экс-президент Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон дегенди түшүнүп атабыз. Ошентип Атамбаевдин кыңыр иштери биринен сала бири ачыкка чыга баштады. Жакындан бери кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, ошол эле күнү Чеченстанга чыгарылып кетишин да Атамбаев камсыздаганы айтылып келет. Эми Дача СУдагы сырдуу жүктүн да сыры ачылганына аз калды окшойт.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: