Акыйнек айтышуу шаар кеңешине да жетиптир. Эми депутат болгон элдин талабын айтып, талашып тартышса эмнеге болбосун. Бирок, бул эки депутаттын тиреши башкада. Эки депутаттын этикага сыйбаган кайым айтышы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул депутаттардын жүрүм-туруму сынга кабылган алгачкы учур эмес. Көчөдөгүдөй эле кер-мур айтышкан Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттар Жумабек Салымбеков менен Канатбек Музуралиев калаадагы маанилүү маселенин деле талашып жатышкан жок.
Депутат Канатбек Музуралиев шаардык кеңештеги турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбековдун жардамчысы Павел Десятников эл өкүлдөрү менен катар отуруп, сөз алып сүйлөп жатканы протоколдук эрежеге туура келбегенин гана айткан. Жардамчысына болушкан Жумабек Салымбеков кесиптеши Музуралиевди “Чыр-чатакты каалап жатасыңбы?” деп зекип, эки депутаттын ортосун кайым айтышуулар болуп кеткен. Салымбековдун: “урушту каалап жатасыңбы?” дегенине Музуралиев акырын гана жоопторду узатса, улам күчөгөн Салымбеков “отурганын көрө албай жатасыңбы” дегенге чейин барган. Албетте, бул жерде Музуралиев алда канча Салымбековдон маданияттуулугу жогору экенин көрсөтүптүр. Депутаттардын катарына Жумабек Салымбековдун жардамчысы катар олтурганы чынында эле туура эмес болчу. Тилекке каршы, байдын уулу сүйлөсүн эле болуптур.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ