Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммити алкагында жолугушту.
Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУ көп тараптуу кызматташуунун алкагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путин менен учурашып, Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.
«Кыргыз-россиялык мамилеси дайыма конкреттүү багыты жана тиешелүү динамизми менен айырмаланып келген. Активдүү саясий-экономикалык диалог ырааттуу негизде колдоого алынып, бардык деңгээлде байланыштар ишке ашырылып жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал Россия Кыргызстандын экономикасындагы негизги инвесторлордун бири болуп саналаарын, экономикалык өнөктөштөрдүн арасында биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турганын баса белгиледи. Эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү өсүп жатканы байкалууда.
Президент Владимир Путин Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканына жана Саммиттин алкагында эки тараптуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттанганын билдирди.
«Биздин эки тараптуу байланыштар ырааттуу өнүгүп, буга чейинки жолугушууларда макулдашылган бардык пландар аткарылып жатат. Бүгүн биз дагы бир сыйра салыштырып, иш жүзүндө кандай болуп жаткандыгын тактап көрсөк болот. Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ээлейт. Өткөн жылы өлкөлөрүбүз ортосундагы товар жүгүртүү 30 пайыздан ашуунга өстү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Мына ушул жакшы динамиканы сактап калыш үчүн кошумча түрдө дагы эмне жасасак болоорун карашыбыз керек», — деп белгиледи Владимир Путин.
Тараптар бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинде турган маселелерди сезилерлик алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бере турганын баса белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: