Menu

Турсунбек Акун: “Азиз Батукаевдин бошотулушуна экс-президент Атамбаевдин түздөн-түз катыштыгы бар”

Бөлүшүү:

Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевдин абактан бошотулганы боюнча экинчи ирет суракка чакырылып, дагы көрсөтмө берди. Бул жөнүндө ал өзү кабарчыбызга ырастап, тергөөчүлөр аны эки саат сурашкандыгын кошумчалады.

– Биринчи жолу беш саат сурак берген элем. Мен ошол кездеги Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Президенттик аппараттын ошол кездеги коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев жөнүндө дагы айттым. Жаңы фигуралар чыгып жатпайбы. Бул ишке экс-президент Алмазбек Атамбаев баштап түздөн-түз катыштыгы бар экендигин, алар мага кандайча кайрылганы боюнча дагы ачыкка чыгарып жатам, – деди экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун.

Баса, абдан оор кылмыштары үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелинде “Айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке түз жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте дагы кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Турсунбек Акун ошол кезде Акыйкатчы эле. Буга дейре ал Азиз Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөөрүн билдирген.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: