“Азаттык” баарын жазат. Дыйканчылык, турмуш-тиричилик, темир устанын күнүмдүк турмушу жана башкалар. Бул КТРК, Кыргыз радиосу, “Айыл Турмушу” гезити деле чагылдыра ала турган темалар. Ал эми Украинадагы президенттик шайлоо, Венесуэладагы толкундоо, андан биз ала турган демократиялык сабактар, Эгемендик маселеси сыяктуу темаларга буларда орун жок.
Бир кезде 60 жылдык тарыхы бар радиону Ак үйдүн дүжүр медиасына айлантып салгансыздар. Мындай өнөкөт Венера Жуматаева эжекебиз жетекчи болуп келгенден башталды. Акаев менен Бакиев маалында түшкө кирбеген көрүнүштөр орун алды. Ак үй чиновниктери “Азаттыкка” түз буйрук берип, Атамбаев болсо “Азаттыктын” жетекчисин чакырып алып ашата сөккөн деңгээлге жетти. Анткени Ак үй кошоматчысына ошондой эле мамиле кылат. Ал эми 2010-жылга чейин андайды элестетүү да эч мүмкүн эмес эле.
Мына бүгүн “Азаттыктан” атайы карадым, Зеленскийдин ант берүү аземи тууралуу мобу кыска маалыматты тээ кычыгынан араң таап, сууруп чыктым.
Мындай турмуш-тиричилик радиосунун бизге кереги барбы?
Жаман көрсөңөр көргүлө, бирок, силерди каржылаган АКШ мамбюджетине жыл сайын олчойгон салык төгүп жаткан адам катары өз оюмду айттым.
Адилет Айтикеев, бозгундагы журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ