Menu

Индияда 350дөн ашуун адам белгисиз оорудан улам ооруканага жаткырылып, бир адам каза тапты

Бөлүшүү:

Индиянын Андхра-Прадеш штатында 350дөн ашуун адам белгисиз илдеттин чыгышына байланыштуу ооруканага жаткырылды, бир адам каза болду. Бул тууралуу Индия телеканалынын сюжетинде айтылат.

Маалыматка ылайык, жабыркаган бейтаптар баш айлануу менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, алар күтүүсүздөн эсинен танып, оозунан көбүк чыгып, титиреп жаткандыгын дарыгерлерге айтышкан.

Дарыгерлер канды анализдеп, мээнин компьютердик томографиясын жүргүзүшсө дагы, күтүүсүз оорунун себебин аныктай алышкан жок. Дарыгерлердин айтымында, болжол менен 160 адам дарыланууда, 180ден ашууну үйүнө чыгарылды.

“Жабыркагандардын көпчүлүгү айыгып кетишти, калгандары туруктуу. Биз Виджаявадагы борбордук мамлекеттик ооруканага бейтаптарды өткөрүп берүү үчүн 50 керебет даярдадык. Биздин медициналык топтор ар бир бейтапка кам көрүшөт” – деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары А.Шринивас.

Ошондой эле, оорунун себебин аныктоо үчүн шаарга дарыгерлер тобу жөнөтүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: