Menu

Эркин Асрандиев, вице-премьер: Газдын кымбатташы долларга байланыштуу

Бөлүшүү:

Бул маалыматты вице-премьер-министр Эркин Асрандиев парламент комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында дүйнө жүзүндө жаратылыш газы арзандап жатса, эмнеге аны орусиялык “Газпром” компаниясы Кыргызстанга кымбат баада сатып жатканына кызыкты. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин түшүндүргөнүнө караганда, келишимге ылайык, ар бир айда сатылып алына турган жаратылыш газынын баасы АКШ доллары менен аныкталат.

“Акыркы айларда АКШ доллары кымбаттап кеткенине байланыштуу бааны сомго чакканда жогору баа келип чыгууда. Ал ЕАЭБ уюмунун алкагында мунайга жана газга болгон дүйнөлүк баа түшүп жаткандыктан тарифтерди кайрадан кароо маселеси бар”, деп кошумчалады Асрандиев.

Учурда орусиялык “Газпром” компаниясы Өзбекстандан газды дүңүнөн сатып алып, Кыргызстанга газдын ар бир кубун 250 АКШ доллардан сатат. Ошол эле кезде Тажикстан Өзбекстандан эки тараптуу келишимге ылайык газдын бир кубун 120 доллардан сатып алат. Орусиянын “Газпром” компаниясы “Кыргызгазды” шарттуу түрдө бир долларга сатып алып, “Газпром – Кыргызстан” ишканасын түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: