Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Батукаевдин иши боюнча мен камалбайм”

Бөлүшүү:

– Турсунбек агай, Батукаев боюнча Рысалиев сурак берип чыккандан кийин Шамил Атаханов кармалып, камакка алынды. Сизда бир нече жолу суракка кирип чыктыңыз, тергөө кандай болуп жатат?

– Баягы күнү «Жалбырак» телеканалына сурак боюнча бир топ бакылдап жибериптирмин. Сурактын да жашыруун сырлары бар экен. Мага эскертүү беришип, кол койдуруп алышты. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт тура.

– Канча жолу суракка бардыңыз?

– Үч жолу чакырылдым. Адегенде 5 саатта, кийинкисинде 2 саатта чыктым. Үчүнчү жолкусунда Нарымбаев менен бетме-бет кездештирип, сурашты (очная ставка). Андан башкасын мага айтканга болбойт.

– Негизи, кримтөбөлдүн камактан чыгарылып, качырылышыңа кимдер күнөөлүү?

– Мен журналисттерге маек бергенде дайыма айтып келатам, Батукаевдин чыгарылышы боюнча биринчи кезекте Атамбаев күнөөлүү. Дагы айтам, ошол қездеги мамлекет башчысы өзү башында туруп, ушу ишти көзөмөлдөбөсө, бир сутка ичинде баардык операция бүтүп, кримтөбөл качып кете алмак эмес. Бул иш президенттин гана макулдугунун негизинде ишке ашкан. Ошон үчүн ал убакта бул иш орто жолдо токтоп калган. Парламенттик комиссия да түзүлгөн. 22 киши күнөөлөнүп, жалгыз гана мен жаза алдым. Башкалар суудан кургак чыгышты. Атамбаев ошонун баарынын жаза алышына бут тоскоң. А мени аябай шыбашты, каралашты. Үй-бүлөмө чейин жамандашты. «Турсунбек Акун 100 миң доллар алды» дешти. Ошондо КТРК мени «100 миң доллар алды» дешчү эле, азыр Атамбаевге караштуу телеканалдар «200 миң доллар алган» деп каралап жатышат. Эч кандай күнөөм жок туруп, 6 жылдан бери жаза алып келатам. Чыныгы күнөөсү, тиешеси барлар жазаларьш алышсын эми. Азыр тергөө болуп жатат. Башкы прокуратура жакшы иштөөдө. Тергөө жандандырылганын мен колдойм. Колдон келишинче тергөөгө жардам берем.

– Атамбаев камалабы?

– Камаларын билбейм. Анткени, анын кол тийбестиги бар да. Бирок, сөзсүз түрдө тергөөгө чакырылат. Себеби, мен Атамбаев тууралуу көрсөтмө бердим, башкалар да берип жатышат. Аны эми эң аягында чакырып сурашса керек.

– Батукаевдин иши боюнча бир топ кишилер камалды. Жакынкы күндөрү дагы кимдер камалышы мүмкүн?

– Кимдерди камайт, кимдерди бошотот, буга чейинки камалгандар туура камалыштыбы, туура эмеспи, анын баарын тергөөнүн иши көрсөтөт. Чогуу көрүп, чогуу күбө болобуз.

– «Батукаевден чоң акча алып, анан чыгарышкан» дешет. Акча алгандардын арасында сиз да бар экениңиз айтылып жүрөт…

– Акчаны Атамбаев гана алган. Канча алганын билбейм. «Алган» деп грант, инвестиция түрүндө алганын айтып жатам. «Акча алышыптыр, анын жарымы фальшивый болуп калыптыр» деген сөздөрдүн баары ушак, калп.

– Грозныйга барып, акчанын жарымын өндүрүп келгениңиз калппы ошондо?

– Мен Грозныйга Батукаев менен жолугушуу үчүн барган жокмун. Ал жакка Батукаев түрмөдө экенинде баргам. Ошол кездеги Россиянын акыйкатчысы Владимир Петрович Лукиндин суранычы боюнча белгилүү, тажрыйбалуу акыйкатчы катары Кавказ өлкөлөрүнө барып, лекция окуп келгем. Анан Чеченстандын, Ингушетиянын, Кабардино Балкариянын укук коргоочулары, акыйкатчылары менен жолугушкам.

– Батукаевдин карындашы менен кандай максатта жолуктуңуз?

– Мен Чеченстанда өкмөт үйүндө жүрсөм, ал ошол жерде бир киши менен жүрүптүр. Капыстан жолугуп калдык. Ал мурун Кыргызстанга үч ирет келип кеткен эле. «Сөзгө калбайын» деп Чеченстанга барбайт деле болчумун. Бирок, ал жакга 50дөй кыргызстандык жаран айлыктарын алалбай үч ай кармалып калышкан. Алар мага акыйкатчы катары кайрылышкан. Ошолордун айлыкгарын алганга жардам бергени бардым эле.

– Батукаевдин иши боюнча сиз да камалып калышыңыз мүмкүн эмеспи?

– Мен прокурюр же сот эмесмин. Батукаевди мен чыгардымбы, сот чыгарды го? Мамкаттоо паспорт жасап берди, саламаттык сактоо министрлиги диагноз койду. Бул жерде чечим кабыл ала турган мамлекеттик органдар бар. Ошолор чечим кабыл алышкандыктан, Батукаев чыкты да. Акыйкатчы көз каранды эмес институт. Чечим кабыл алалбайт. Болгону пикирин айтат. Андыктан, мен камалбайм. Батукаев 9-апрель күнү кетти, 10-апрелде «өлө турган диагноз экен, үч күн ичинде өлүп калышы мүмкүн» деген пикиримди айткам. Анда ал эчак кетип болгон эле.

– Өлбөй калбадыбы…

– Өлбөй калса мен күнөөлүү месмин да. Диагнозду туура эмес коюшкан экен. Эгер акыйкатчы түрмөдөгүлөрдү чыгара ала турган таасири болсо, анда Токон Мамытов, Текебаевди, Жапаровду, жана башка камакта жаткандарды чыгарбайт беле? А мени «акча алып чыгарып ийди» дешсе, акчанын жытын сезип калып, башка да кримтөбөлдөрдү чыгарбайт белем? Дароо кеткен жокмун, андан кийин деле 6-7 ай иштедим го.

– Акыйкатчы Токон Мамытовдун аты УКМК төрагалыгына талапкерлердин арасында аталып жатат. Ал киши КГБда иштеген. Эми кайра УКМК жетекчилигине баруусу туура болобу?

– Негизи мен башында эле айткам, Токон Мамытов акыйкатчылыкка туура эмес барган. Анткени, ал киши укук коргоо органдарында иштеп келип, акыйкатчы институтуна барып, сөз тийди. Бирок, келгенден кийин эми УКМКга кайра барганы болбойт. Акыйкатчылыкты алып барсын, иштесин, өзүн көргөзсүн, ишинен жыйынтык чыгарсын. Кандай иштеп жатканы өзүнчө кеп. Бир нерсе айтсаң, ичим тарыгандык болуп калат. УКМКга татыктуу башка адамдар толтура, ошолор барып иштесин.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: